https://sputnik.kg/20230502/kyrgyzstanda-zheyrender-toldodu-1074930525.html
Былтыр Өзбекстандан алып келинген жейрендер төлдөдү. Сүрөт
Былтыр Өзбекстандан алып келинген жейрендер төлдөдү. Сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Учурда жаныбарлар питомникте багылып жатат. 02.05.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-05-02T10:58+0600
2023-05-02T10:58+0600
2023-05-02T10:58+0600
кыргызстан
жейрен
улак
ысык-көл облусу
сүрөт
https://sputnik.kg/img/07e6/02/07/1061862770_0:322:3068:2048_1920x0_80_0_0_8ef4996a525f20678a16b76cb4b8c585.jpg
БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Былтыр Ысык-Көлгө алып келинген жейрендер төлдөдү. Бул туурасында аталган жаныбарлар багылган питомниктин ээси Аскар Даветбаков социалдык тармактагы баракчасына жазды.Анын айтымында, 28-30-апрель күндөрү жейрендердин беш улагы туулган.Белгилей кетсек, былтыр февралда Өзбекстандан 15 жейрен (беш эркек, 10 ургаачы) Кыргызстанга алып келинген. Учурда алар Ысык-Көлдөгү питомникте багылууда, саны 50дөн ашкандан кийин жаратылышка коё берилет.Аталган жаныбарлар Кыргызстанда 2000-жылдары жоголуп кеткени айтылат. ХХ кылымдын биринчи жарымында Орто Азия чөлкөмүндөгү жейрендердин саны жүз миңдеп саналып келген. Булар көбүнесе Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабын байырлачу. 1980-1990-жылдары жейрендердин саны кескин кыскарып, бүгүнкү күнү алар Кызыл китепке киргизилген.Жейренге аңчылык кылгандарга миллион сом көлөмүндө айып салынат.
https://sputnik.kg/20220502/altaydan-talaska-35-maral-alyp-kelishti-1064113137.html
ысык-көл облусу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/02/07/1061862770_262:549:2261:2048_1920x0_80_0_0_37bca982672a9872a8f022136fc98a70.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жейрен, улак, ысык-көл облусу, сүрөт
кыргызстан, жейрен, улак, ысык-көл облусу, сүрөт
Былтыр Өзбекстандан алып келинген жейрендер төлдөдү. Сүрөт
Учурда жаныбарлар питомникте багылып жатат.
БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Былтыр Ысык-Көлгө алып келинген жейрендер төлдөдү. Бул туурасында аталган жаныбарлар багылган питомниктин ээси Аскар Даветбаков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, 28-30-апрель күндөрү жейрендердин беш улагы туулган.
Белгилей кетсек, былтыр февралда Өзбекстандан 15 жейрен (беш эркек, 10 ургаачы) Кыргызстанга алып келинген. Учурда алар Ысык-Көлдөгү питомникте багылууда, саны 50дөн ашкандан кийин жаратылышка коё берилет.
Аталган жаныбарлар Кыргызстанда 2000-жылдары жоголуп кеткени айтылат. ХХ кылымдын биринчи жарымында Орто Азия чөлкөмүндөгү жейрендердин саны жүз миңдеп саналып келген. Булар көбүнесе Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабын байырлачу. 1980-1990-жылдары жейрендердин саны кескин кыскарып, бүгүнкү күнү алар Кызыл китепке киргизилген.
Жейренге аңчылык кылгандарга миллион сом көлөмүндө айып салынат.