00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Адал азыкка кызыккандар бир эле мусулмандар эмес". Казань форумундагы талкуудан

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүRussia Halal Expo жарманкесинин катышуучулары
Russia Halal Expo жарманкесинин катышуучулары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2023
Жазылуу
Росконгресстин маалыматына караганда, дүйнөдө адал индустриянын айланган акчасы триллиондогон долларды чапчыйт. Эксперттер бул сандар улам өсөрүн айтууда.
"Россия — Ислам дүйнөсү: KazanForum-2023" аталышындагы XIV эл аралык экономикалык форумда Russia Halal Expo жана Russia Halal Market жарманкесинде ар кыл товарлар коюлду. Ал жерден чүйгүн эт азыктарынан тарта витаминдерге чейин көрүүгө болот. Бул продукциялардын баары көп рыноктордо, анын ичинде Кыргызстанда келечектүү.
"Россиялык өндүрүштөгү адал продукция" деген эмне? Жергиликтүү бренддер жаңы рынокту кантип багынтууда? Бул тармактын РФ жана башка өлкөлөрдүн мамилелеринде келечеги кандай? Sputnik Кыргызстан бул суроолорго жооп алды.

Ишеним маселеси

Россияда чыккан адал продукцияларга суроо-талап жогору: сатып алуучулардын 97 пайызы чет элдикине караганда жергиликтүү маркадагыларды артык көрөт. Мындай маалыматты KazanForum алкагындагы тематикалык дискуссияда "Росскачествонун" жетекчиси Максим Протасов билдирди.
© Sputnik / Фотохост-агентство РИА Новости / Медиабанкка өтүү"Росскачествонун" жетекчиси Максим Протасов
KAZANFORUM 2023. Драйверы развития российского экспорта АПК: продукция халаль - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2023
"Росскачествонун" жетекчиси Максим Протасов
"Иликтөөлөргө таянсак, адал товарларды колдонуучулардын 80 пайызы жогорку сапаттагы продукция деп баалашат. Тармактын өсүү темпи жылына 9-12 пайызды түзөт. 2030-жылга чейин Россияда адал продукцияларын экспорттоо 3,5 эсеге өсөт деп күтүлүүдө", – деп билдирди ал.
Протасовдун айтымында, өлкөдө бул тармакта иштеген, ишине олуттуу мамиле жасаган ондогон адистер бар. Бул жагдайдагы маселени чечүү үчүн билим берүү стандарттарынын зарылдыгын белгиледи. Тагыраагы, технологдорду, мал союучу цехтерди, экспорттоо боюнча адистерди даярдоо, аккредиттөө, сертификациялоону жолго коюу зарыл.

Маселенин башка жагы

Россиянын Ислам институтунун ректору Рафик Мухаметшин кээ бир учурда адал маселеси бизнеске айланып кетип жаткандыгын айтты. Атаандаштык өсүп жаткандыктан, алар бул кармашта ар кыл ыкмаларды колдонуп жатат.
© Sputnik / Фотохост-агентство РИА Новости / Медиабанкка өтүүРоссиянын Ислам институтунун ректору Рафик Мухаметшин
KAZANFORUM 2023. Формирование современной системы подготовки специалистов в сфере халяль - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2023
Россиянын Ислам институтунун ректору Рафик Мухаметшин
"Адал деген белги, этикетка маркетингдик максатта колдонулуп баштады. Бүгүнкү күндө адал – рыноктун модалуу тенденциясы, рыноктун келечектүү өңүрү", – деди Мухаметшин.

Кырдаалды ичтен карай келгенде

Адал эт — ириде пайдалуу жана таза эт, ага кызыккандар бир эле мусулмандар эмес. Мындай пикирин Казандагы компаниялардын биринин өкүлү Линар Сулейманов айтты. Анын павильонунан куштун сүрсүтүлгөн этин, чүйгүн эттерди, казылыкты (чучукка окшош тамак – ред.) да табууга болот.
"Казылык – бизде майрамдык тамак. Алар жылкынын ич этинен жасалат. Ферменттөө жыл ичинде жасалма вентиляциясыз, желдетилген имаратта өтөт, атайын температура кармалат", — деп айтып берген Сулейманов.
© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүРоссияда чыккан адал продукциялары
ХII Международный экономический саммит Россия - Исламский мир: KazanSummit 2021 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2023
Россияда чыккан адал продукциялары

Мурдагы ыкмалардын артыкчылыгы

30 жыл мурда Фарид Абый жана жубайы Зулейха адал азыктарды өндүрүү боюнча үй-бүлөлүк бизнес ачкан. Азыр алар жасаган колбаса жана башка тамак-аштар Удмуртиядан Россиянын булуң-бурчтарына кетет. Москва, Санкт-Петербург, Казань шаарлары сатып аларын сатуучу Эндже Гайнетдинова айтып берди. Ал көргөзмөгө Rusia Halal Market бренди менен келген.
"Зулейха технолог катары тамак-аштарды кантип жасоонун жолдорун ойлоп таап, өзү жасап, ар кыл татымалдарды кошуп, өркүндөтүп отурат. Бул бүлө бизнести башынан аягына чейин тыкыр алып жүрүп отуруп, ушул деңгээлге жетти. Эти дайыма жаңы. Түтүнгө эмес, атайын таарындыларга ыштайбыз. Ичегилер химиялык жол менен эмес, мурдагы, эски ыкма менен тузга тазаланат. Жаңыча кылып тазаласа тез болот, бирок биринчи орунда экологиялык жактан таза жана табигыйлык турат", — деп белгиледи Гайнетдинова.
Анын айтымына караганда, продукцияларды кылчактабай эле экспортко алып чыкса болот. Алар өндүргөн адал этке Казакстандан да кызыгып баштаган.
© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүРоссияда чыккан адал продукциясы
ХII Международный экономический саммит Россия - Исламский мир: KazanSummit 2021 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2023
Россияда чыккан адал продукциясы

Адал карпаччо

Үндүктүн этинен жасалган адал карпаччонун каны жерге тамбай эле, сатылып кетерин казандагы бренддердин биринин өкүлү Олеся Акпаева айтып берди. Аны көп учурда ышталган балыкка окшоштуруп сатып алышарын кошумчалады.
"Бул чүйгүн тамакты ичке-ичке кылып тилип берет. Үндүктүн эти пайдалуу жана даамдуу келет. Мүнөздөп ичкендерге да жарайт. Анын үстүнө Татарстандын экологиялык таза районунда өндүрүлөт. Адал деген жөн гана марка эмес, ал ишке болгон мамилени да аныктаган нерсе", — деген Акпаева.

Текчелерде гана эмес

Russia Halal Expo көргөзмөсүндө товарлардын бардыгы адал сапаты боюнча аудиттен өткөн веб-портал тууралуу маалымат беришти. Платформа дүйнөнүн бардык тарабындагы адал продукцияларды сунуштоочулар менен кардарларды бириктирүүгө багыт алгандыгын анын негиздөөчүлөрүнүн бири Руслан Закирьянов айтып берди.
"Портал мүмкүнчүлүгү жеткен банкингдин эсебинен сооданын көлөмүн көбөйтүүгө шарт түзөт.
Жасалма интеллектиге чогулган маалыматтар салынып, ар бир контрагентке анализ жасалат да, ага карата банктар келишимдерди жаңылбай каржылай алат", — деди платформанын түзүүчүлөрү.
Жергиликтүү дистрибьютордук ишканалардын биринин жетекчиси Бакыт Ускенбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2023
Россиядагы форумга катышкан кыргызстандык ишкер жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0