https://sputnik.kg/20230523/dietolog-balyk-majy-omega-3-den-sooluk-tamak-ash-vitamin-1075551340.html
Адис балыктын майын кимдерге пайдаланууга болбой турганын айтты
Адис балыктын майын кимдерге пайдаланууга болбой турганын айтты
Sputnik Кыргызстан
Адис балык майы иммунитетти көтөрүүгө, кан айланууну, көздүн көрүүсүн жакшыртууга жардам берерин белгилеп, бирок бул азыкты кээ бир адамдар пайдаланууга болбой... 23.05.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-05-23T09:40+0600
2023-05-23T09:40+0600
2023-05-23T09:40+0600
диетолог
балык
май
кеңеш
ден соолук
тамак-аш
витамин
россия
https://sputnik.kg/img/07e7/05/1a/1075666456_0:20:3072:1748_1920x0_80_0_0_6d9c9fd14a0e40df593807d42c74b644.jpg
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Балыктын майы кандын уюп калышын алдын алып, иммунитетти бекемдеп, терини, көздүн көрүүсүн жакшыртат. Бул тууралуу Sputnik радиосуна диетолог Римма Мойсенко айтып берди. Анын айтымында, балык майынын баалуулугун андагы омега-3 арттырат, ал эң күчтүү антиоксидант болуп саналат."Кан тамыр күчтүү болушу үчүн биз тамак-аштан алган май кислоталарында сөзсүз омега-3 да болушу керек", – дейт Римма Мойсенко.Бирок канчалык пайдалуу болсо да балыктын майын ашыкча жегенге болбойт. Айрым адамдарга андан такыр баш тартууга туура келет."Кээ бирлердин балык майына аллергиясы бар, аларга колдонууга болбойт. Уйку бези ферменттерди жетиштүү деңгээлде иштеп чыгара албаган адамдар балыктын майын колдонбогону оң. Балык майын аш кыла албаган, кеч картайып узак жашаган адамдардын организми бардык азыктардан омега-3 май кислотасын ала алат, аларга балык майын колдонууга болбойт", – деди Римма Мойсенко.
https://sputnik.kg/20230305/kozdun-koruusun-zhakshyrtkan-azyktar-sanaldy-1073327686.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/05/1a/1075666456_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_b69f33378dad85b909d0fd07eeecc284.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
диетолог, балык, май, кеңеш, ден соолук, тамак-аш, витамин, россия
диетолог, балык, май, кеңеш, ден соолук, тамак-аш, витамин, россия
Адис балыктын майын кимдерге пайдаланууга болбой турганын айтты
Адис балык майы иммунитетти көтөрүүгө, кан айланууну, көздүн көрүүсүн жакшыртууга жардам берерин белгилеп, бирок бул азыкты кээ бир адамдар пайдаланууга болбой тургандыгына токтолду.
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Балыктын майы кандын уюп калышын алдын алып, иммунитетти бекемдеп, терини, көздүн көрүүсүн жакшыртат. Бул тууралуу
Sputnik радиосуна диетолог Римма Мойсенко айтып берди.
"Балыктын майынын пайдасы көпчүлүккө маалым. Анда D витамини көп болгондуктан Советтер Союзу кезинде итийди алдын алуу үчүн бардык балдарга беришчү. Анда дээрлик бардык витаминдер бар. D витамини бардык азыктардан кальцийди "сууруп" чыгарууга жардам берет, бул өзгөчө балдар менен карылар үчүн маанилүү. А витамини болсо териге жакшы таасир этет, иммунитетти көтөрүп, көздүн көрүүсүн жакшыртат. К1 жана К2 витаминдери уюп калган канды жөнгө салып, тромбду алдын алат. Мындан тышкары, К2 остеопороз жана бөйрөктүн өнөкөт ооруларын алдын алууга жардам берет", – деп түшүндүрдү Римма Мойсенко.
Анын айтымында, балык майынын баалуулугун андагы омега-3 арттырат, ал эң күчтүү антиоксидант болуп саналат.
"Кан тамыр күчтүү болушу үчүн биз тамак-аштан алган май кислоталарында сөзсүз омега-3 да болушу керек", – дейт Римма Мойсенко.
Бирок канчалык пайдалуу болсо да балыктын майын ашыкча жегенге болбойт. Айрым адамдарга андан такыр баш тартууга туура келет.
"Кээ бирлердин балык майына аллергиясы бар, аларга колдонууга болбойт. Уйку бези ферменттерди жетиштүү деңгээлде иштеп чыгара албаган адамдар балыктын майын колдонбогону оң. Балык майын аш кыла албаган, кеч картайып узак жашаган адамдардын организми бардык азыктардан омега-3 май кислотасын ала алат, аларга балык майын колдонууга болбойт", – деди Римма Мойсенко.
5 Жалган Куран 2023, 09:25