00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Утро хорошего дня
С чего стоит начать заниматься ландшафтным дизайном, рассказал садовод
06:05
44 мин
Күн башат
Мас болуп унаа башкаргандарга айдоочулук күбөлүктөн ажыратуунун ордуна ири айып пул салуу натыйжалуубу?
07:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Утро хорошего дня
Зачем нужна добровольная аттестация учителей?
08:05
44 мин
On air
08:58
2 мин
Жаңылыктар
Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Мас болуп унаа башкаргандарга айдоочулук күбөлүктөн ажыратуунун ордуна ири айып пул салуу натыйжалуубу?
09:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
«Образование послезавтра» - как не потеряться на рынке труда будущего
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эмнеге автобекеттер шаардан сыртка чыгарылды? – Жаңы автобекеттерде калкка кандай шартар каралган?
13:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Сүйменкул Чокморовдун чыгармачылыгы
13:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө эпизоотиялык абал кандай? — эл аралык соодага таасирин тийгизүүчү ылаң катталган жокпу?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санарип акчалар банктык системаны алсыратабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
100 лет прокуратуре Кыргызстана: ключевые этапы развития и вызовы
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Ажылык - бул макам эмес! Ажылыка барган адам өзүн кандай алып жүрүшү керек?
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Личный интерес
Политические вызовы Молдовы и Грузии: беседа с ветераном спец. служб
20:06
45 мин
Ачык кеп
Өлкөдө эпизоотиялык абал кандай? — эл аралык соодага таасирин тийгизүүчү ылаң катталган жокпу?
23:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Садыр Жапаров ЕАЭБде бизнес-акыйкатчы институтун түзүүнү сунуштады. Урунттуу учурлар

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2023
Жазылуу
Мамлекет башчы биримдикке кирген өлкөнүн жарандары ЕАЭБ аймагында өзүн үйүндөгүдөй сезиши керектигин билдирди.
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Садыр Жапаров ЕАЭБде бизнес-акыйкатчы институтун түзүүнү сунуштады. Президент бул тууралуу Москвада өтүп жаткан II Евразиялык экономикалык форумда билдиргенин анын маалымат кызматы кабарлады.
Жапаровдун айтымында, институт бизнестин дараметин жогорулатуу жана анын кызыкчылыгын коргоо үчүн зарыл.

“Акыр-аягы мындай институт биримдиктин ички рыногундагы тоскоолдуктарды минималдаштырууга жана пайда болгон маселелерди сотко чейинки чечүү механизмин түзүүгө жардам берет”, — деди өлкө башчы.

Ошондой эле мамлекет башчысы Кыргызстандын биримдиктеги өзгөрүлбөс приоритети — бирикменин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюуда Евразиялык экономикалык комиссиянын жана ЕАЭБ сотунун ролун күчөтүү экенин белгиледи.
“Бул институттар товарларды ташуудагы талаш-тартыштарды ыкчам чечүүгө жөндөмдүү, улуттуктан жогору турган иштиктүү органдар болууга тийиш. Бул үчүн алар мүчө-мамлекеттер тарабынан ЕАЭБдин укуктарын бузуу фактылары боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүү, мындай бузууларды четтетүүнүн так мөөнөтүн белгилөө менен, ошондой эле ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер биримдиктин алкагындагы чечимдерди аткарбагандыгы жөнүндө ЕАЭБ сотуна доо арыздарды берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек”, — деди президент.
Мындан тышкары, Жапаров ЕАЭБ экономикалык өнүгүүнүн өз алдынча жана эч кимге көз каранды эмес уюлуна айланып баратканын белгиледи. Президент биримдик тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларынын керектөөлөрүн өз алдынча канааттандыра аларын кошумчалады.
КР лидери биримдик аймагында ар бир адам өзүн үйүндөгүдөй сезиши керектигин айтты.
“Бул үчүн алардын эркин жүрүүсүнө шарт түзүү, ишке орношууга, билим алууга, квалификациясын жогорулатууга, саламаттыкты сактоого жана спортко бирдей укуктарды камсыз кылуу зарыл”, — деди Жапаров.
Ал ошондой эле ЕАЭБдин улуттуктан жогору турган өнүктүрүү институтун түзүү керектигин айтты. Институт Россиянын Стратегиялык демилгелер агенттигинин мисалында интеграциялык долбоорлорду даярдоо, аналитикалык колдоо жана каржылоо функцияларын аткарат.
Евразия экономикалык форуму — ЕАЭБдин жыл сайын өтүүчү экономикалык иш-чарасы. Иш-чарага бийлик органдарынын, бизнес-коомчулуктун, эл аралык уюмдар менен ЖМКлардын 2,5 миңден ашык өкүлү катышат.
Өткөн жылы форум Кыргызстандын борбору Бишкекте уюштурулган.
Sputnik — ЕЭФ-2023түн маалыматтык өнөктөшү.
Евразия экономикалык форумунун катышуучусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2023
Евразиялык интеграциянын деңгээли өсүүдө. ЕАЭБдин негизги маселелери айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0