Эгемен Кыргызстандын эр жүрөк армиясы. Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө 31 жыл толду
Эгемен Кыргызстандын эр жүрөк армиясы. Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө 31 жыл толду
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн аскер кызматкерлери кесиптик майрамын белгилеп жатат. Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө байланышкан сүрөт түрмөк сунуштайт. 29.05.2023, Sputnik Кыргызстан
Өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин 1992-жылы 29-майда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрү түзүлүп, союздан калган аскер бөлүктөр көз карандысыз мамлекеттин көзөмөлүнө өткөн. Андан бери кыргыз жоокерлери өз милдетин ишеничтүү аткарып келет. Мисалы, коңшу Тажикстандагы 1992-97-жылдардагы жарандык согуш маалында Кыргызстандын тынчтык батальону биринчилерден болуп жардамга кол сунуп, тажиктердин 100 чакырым чек арасын кайтарып берген. Беш жылда 5000дей кыргыз жоокери кызмат өтөгөн. Кийин 1999-2000-жылы Кыргызстандын түштүгүнө кирип келген террорчулардын мизин кайтарган. Акыркы жылдары кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяларда өз өмүрүн аябай мекенди коргошту.Тема боюнча:
Бүгүн аскер кызматкерлери кесиптик майрамын белгилеп жатат. Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө байланышкан сүрөт түрмөк сунуштайт.
Өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин 1992-жылы 29-майда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрү түзүлүп, союздан калган аскер бөлүктөр көз карандысыз мамлекеттин көзөмөлүнө өткөн. Андан бери кыргыз жоокерлери өз милдетин ишеничтүү аткарып келет. Мисалы, коңшу Тажикстандагы 1992-97-жылдардагы жарандык согуш маалында Кыргызстандын тынчтык батальону биринчилерден болуп жардамга кол сунуп, тажиктердин 100 чакырым чек арасын кайтарып берген. Беш жылда 5000дей кыргыз жоокери кызмат өтөгөн. Кийин 1999-2000-жылы Кыргызстандын түштүгүнө кирип келген террорчулардын мизин кайтарган. Акыркы жылдары кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяларда өз өмүрүн аябай мекенди коргошту.