https://sputnik.kg/20230531/batir-aluuda-dolbooruna-konul-burush-kerek-1075808358.html
Курулуп жаткан үйдөн батир алууда кайсы документтерди сураш керек? Тизме
Курулуп жаткан үйдөн батир алууда кайсы документтерди сураш керек? Тизме
Sputnik Кыргызстан
Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо институтунун директору Камчыбек Кенжетаев курулуп жаткан үйдөн батир алууда кайсы документтерге көңүл... 31.05.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-05-31T10:16+0600
2023-05-31T10:16+0600
2023-05-31T10:16+0600
радио
курулуш
экспертиза
кыргызстан
турак-жай
батир
документтер
камчыбек кенжетаев
https://sputnik.kg/img/07e7/05/1a/1075655678_0:185:3067:1910_1920x0_80_0_0_3675245401fdd9459d3c5c6af358841f.jpg
Курулуп жаткан үйдөн батир алууда кайсы документтерди сураш керек? Тизме
Sputnik Кыргызстан
Курулуп жаткан үйдөн батир алууда кайсы документтерди сураш керек? Тизме
Жаңы курулуп жаткан үйлөрдөн батир алууда кардарлар кызыл китебине эле басым жасай бербей ал курулуштун долбоору экспертизадан өткөндүгүнө көңүл бурушу керек. Бул тууралуу Камчыбек Кенжетаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, үйдү котлованынан тарта алып жаткан адам сөзсүз түрдө анын долбоору менен таанышып алуусу зарыл.Ал экспертизанын корутундусу жок салынган үйлөр кийин мыйзамсыз курулуш катары бааланып, батир алгандар жабыркап калышы ыктымалдыгын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/05/1a/1075655678_338:0:3067:2047_1920x0_80_0_0_9b4346a3b772c7dda27e74cd57053726.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
курулуш, экспертиза, кыргызстан, турак-жай, батир, документтер, камчыбек кенжетаев, аудио
курулуш, экспертиза, кыргызстан, турак-жай, батир, документтер, камчыбек кенжетаев, аудио
Курулуп жаткан үйдөн батир алууда кайсы документтерди сураш керек? Тизме
Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо институтунун директору Камчыбек Кенжетаев курулуп жаткан үйдөн батир алууда кайсы документтерге көңүл буруу зарылдыгын айтты.
Жаңы курулуп жаткан үйлөрдөн батир алууда кардарлар кызыл китебине эле басым жасай бербей ал курулуштун долбоору экспертизадан өткөндүгүнө көңүл бурушу керек. Бул тууралуу Камчыбек Кенжетаев
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, үйдү котлованынан тарта алып жаткан адам сөзсүз түрдө анын долбоору менен таанышып алуусу зарыл.
"Жаңы салынып жаткан көп кабаттуу турак жайлардан батир алууда жарандар кызыл китебине басым жасашат. Бирок бул ошол жерге курулуш курууга уруксат берилди деген гана документ. Ал эми кандай имарат түшөрү экинчи маселе. Балким курулуш компаниясы бир кабаттуу имарат салынат деп кызыл китеп жасатып алгандыр. Ошондуктан кардар кызыл китептен сырткары рекламада көрсөтүлгөн үйдүн долбоору менен таанышып, анын мамлекеттик экспертизадан өткөндүгүн тактап алышы шарт. Ошол экспертизанын корутундусунда кандай арматура, бетон колдонулат, аймак кайсы деңгээлдеги сейсмикалык квадратка киреринин баары жазылат. Курулуштун жүрүшүндө компания экспертизанын корутундусундагы эрежелерди сактап салган болсо мындай үйдөн чочулабай батир ала берүүгө болот", — деди Кенжетаев.
Ал экспертизанын корутундусу жок салынган үйлөр кийин мыйзамсыз курулуш катары бааланып, батир алгандар жабыркап калышы ыктымалдыгын кошумчалады.