Бишкекте май айында батирлердин баасы кандай өзгөрдү? Инфографика
Жазылуу
Бишкек шаарында 2023-жылдын май айында батирлердин баасы кандай өзгөрдү? Кыймылсыз мүлк рыногундагы абал тууралуу биздин инфографикадан маалымат алыңыз.
![Бишкекте сатылган батирлердин баасы Бишкекте сатылган батирлердин баасы - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/images/07e7/06/02/1075886391.png)
Sputnik Кыргызстан ачык булактардагы маалыматтарды талдап, борбор калаадагы батирлердин наркына баам салып турат. Окурмандардын ыңгайы үчүн түрдүү типтеги бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин (104, 105, 106-серия, "элитка", индивидуалдык жана мейманкана тибиндеги) орточо наркын көрсөтүп беребиз. Ошондой эле ичин өзү оңдоп ала турган элиталык батирлердин баасы тууралуу статистиканы чогултабыз.
Бул сапар баа 2023-жылдын май айына карата кандай өзгөргөндүгүнө баам салдык. Материалды даярдоодо 1 186 жарнама каралган.
Кыймылсыз мүлк рыногундагы баа туруктуу эмес. Бир бөлмөлүү батирлер кымбаттаса, эки, үч бөлмөлүүлөр арзандаган.
Ачык маалыматтарга таянсак, май айында бир бөлмөлүү батирлердин баасы төмөнкүдөй болду:
104-серия — 44 000 доллар (38 000 - 50 500 доллардын арасы);
105-серия — 43 500 (37 000 - 50 500);
106-серия — 46 500 (39 500 - 63 000);
"хрущёвкалар" — 37 500 (29 000 - 43 300);
индивидуалдуу типтегилер (16дан 70 чарчы метрге чейин) — 41 000 ( 19 000 - 56 800);
"элитка" тибиндеги ичин өзү бүтүрүп ала турган батирлердин орточо баасы — 40 500 (19 000 - 84 500).
Эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:
104-серия — 53 000 доллар (39 500 - 65 500);
105-серия — 57 000 (43 000 - 77 500);
106-серия — 64 000 (47 500 - 76 000);
"хрущевка" — 45 500 (39 000 - 62 000);
индивидуалдуу типтегилер (40 - 102 чарчы метр ) — 55 000 ( 26 500 - 123 000);
"элитка" тибиндеги ичин өзү бүтүрүп ала турган батирлердин орточо баасы — 56 500 (25 000 - 130 000).
Үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:
104-серия — 62 500 доллар (45 000 - 77 000);
105-серия — 72 000 (48 500 - 87 500);
106-серия — 76 500 (57 500 - 96 000);
"хрущевка" — 61 500 (52 500 - 66 000);
индивидуалдуу типтегилер (49 - 148 чарчы метр) — 70 500 (33 500 - 160 000);
"элитка" тибиндеги ичин өзү бүтүрүп ала турган батирлердин орточо баасы — 85 800 (43 000 - 169 000).
Инфографикада биз үй ээлери сунуштаган орточо бааны көрсөтөбүз. Бул ашык-кеми жок, дал ушундай суммада сатылат дегенди түшүндүрбөйт. Мындан тышкары, орто бааны чыгарууда бир же бир нече батирдин баасы роль ойноп коёрун белгилейбиз.