https://sputnik.kg/20230613/tashtandy-tashyp-ketkenderge-ish-kozgolot-1076204202.html
Бишкекте таштанды челектерден акыр-чикирди ташып кеткендерге иш козголот
Бишкекте таштанды челектерден акыр-чикирди ташып кеткендерге иш козголот
Sputnik Кыргызстан
Контейнерлердин жанына видеокамералар орнотулмай болду. 13.06.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-06-13T15:50+0600
2023-06-13T15:50+0600
2023-06-13T16:16+0600
пресс-борбор
кыргызстан
таштанды
инвестор
завод
акыр-чикир
контейнер
видеокамера
https://sputnik.kg/img/103490/42/1034904218_0:0:3438:1935_1920x0_80_0_0_6c0ffa06b677bdcb291d6c2cac21815b.jpg
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Бишкекте эми таштанды челектерден акыр-чикирлерди ташып кетүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Бишкекти өнүктүрүү жана инвестиция тартуу боюнча агенттиктин директору Курманбек Молдокулов билдирди.Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Мэрия Бишкектин инфраструктурасын МЖӨ аркылуу кантип өнүктүрөт" аттуу брифингге катышкан. Молдокуловдун айтымында, күзүндө таштандыны кайра иштеп чыгаруучу заводдун курулушу башталат.Ал инвесторлор жаңы контейнерлерди коюп, жанына видеокамера орнотууну сунуштап жатканын айтты."Калган челектерге таштанды толгондо белги бере турган датчиктер коюлат. Бул акыр-чикирди ташып кеткен машиналардын ары-бери бош жүрүүсүнө бөгөт коет. Инвесторлор калк ичинде — бала бакчаларда, мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө даяр, социалдык роликтерди тартуу жагы да каралып жатат", — деди Молдокулов.
https://sputnik.kg/20230613/eaob-bishkek-bashky-plan-karazhat-boluu-dayar-1076201069.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103490/42/1034904218_46:0:3113:2300_1920x0_80_0_0_d6800b2b1879d644429079cb8f7e84a0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, таштанды, инвестор, завод, акыр-чикир, контейнер, видеокамера
кыргызстан, таштанды, инвестор, завод, акыр-чикир, контейнер, видеокамера
Бишкекте таштанды челектерден акыр-чикирди ташып кеткендерге иш козголот
15:50 13.06.2023 (Жаңыртылды: 16:16 13.06.2023) Контейнерлердин жанына видеокамералар орнотулмай болду.
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Бишкекте эми таштанды челектерден акыр-чикирлерди ташып кетүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Бишкекти өнүктүрүү жана инвестиция тартуу боюнча агенттиктин директору Курманбек Молдокулов билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Мэрия Бишкектин инфраструктурасын МЖӨ аркылуу кантип өнүктүрөт" аттуу брифингге катышкан. Молдокуловдун айтымында, күзүндө таштандыны кайра иштеп чыгаруучу заводдун курулушу башталат.
"Мындан улам таштанды товар болушу керек. Таштанды челектин ичиндегинин баары муниципалитеттин менчиги болуп саналат, демек, эч кимдин алып кетүүгө акысы жок. Таштанды заводго жетиши үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары менен биргеликте таштанды тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизебиз. Мыйзам бузгандар жазаланат", — деди Молдокулов.
Ал инвесторлор жаңы контейнерлерди коюп, жанына видеокамера орнотууну сунуштап жатканын айтты.
"Калган челектерге таштанды толгондо белги бере турган датчиктер коюлат. Бул акыр-чикирди ташып кеткен машиналардын ары-бери бош жүрүүсүнө бөгөт коет. Инвесторлор калк ичинде — бала бакчаларда, мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө даяр, социалдык роликтерди тартуу жагы да каралып жатат", — деди Молдокулов.