00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Инвестиция салабыз. Президент медиктерди кесиптик майрамы менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2023
Жазылуу
Өлкө башчы дарыгерлерге бекем ден соолук, берекелүү турмуш каалады.
БИШКЕК, 2-июл. – Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда, саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ал адам өмүрү үчүн күрөшкөн ак халатчандарга ыраазычылык билдирди.
"Мамлекеттин эң негизги байлыгы – эл-журтубуздун саламаттыгы үчүн күнү-түнү күзөт кылып, жан чыдагыс ооруларга күбө болуп, кайратыңыздардан тайбай, эркиңиздерден жазбай чечкиндүүлүк менен адам өмүрү үчүн күрөшүп келе жатасыздар. Сиздердин бейтаптардын дартына даба, өмүрүнө себепчи болуп, жашоого болгон үмүтүн жандырып келе жаткан эбегейиз эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем", – деди президент.
Ал мамлекет социалдык тармакты өнүктүрүү, жарандардын саламаттыгын чыңдоо, жашоо сапатын жакшыртуу жана өмүрүн узартууну өлкө саясатынын артыкчылыктуу багытынын өзөгү катары карай турганын белгиледи.
"Акыркы жылдары республикалык бюджеттин, эл аралык фондулардын, донорлордун эсебинен саламаттык сактоо тармагында иннновациялык долбоорлор ишке ашырылып, инфратүзүм да жакшыртылып жатканын белгилей кетүү керек. Дарылоо ишин оптималдаштыруу үчүн дагы жаңы технологиялар, жаңы ыкмалар керек экени айкын. Электрондук системаны толук кандуу ишке киргизүү менен саламаттык сактоодогу көйгөйлөрдү чечүү алда канча жеңилдейт", – деди Жапаров.
Ал ошондой эле ооруканаларды заманбап технологиялар менен жабдууга жана өлкөнүн кайсы бурчунда болбосун сапаттуу медицина кызматын көрсөтүүгө жетиштүү инвестиция салуу – бийликтин башкы максаты экенин белгиледи.
Жапаров медицина кызматкерлерине бекем ден соолук, берекелүү турмуш каалады.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2023
Колдоо уланат. Президент куткаруучуларды кесиптик майрамы менен куттуктады
Жаңылыктар түрмөгү
0