https://sputnik.kg/20230725/ysyk-kol-olum-motorluu-kayyk-1077296914.html
Ысык-Көлдө эки эс алуучунун өлүмү. Окуянын чоо-жайы айтылды
Ысык-Көлдө эки эс алуучунун өлүмү. Окуянын чоо-жайы айтылды
Sputnik Кыргызстан
Жекшемби күнү Ысык-Көл районунун аймактык ооруканасына Тез жардам менен үч адам оор жаракат алып түшкөн. 25.07.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-07-25T14:11+0600
2023-07-25T14:11+0600
2023-07-25T14:16+0600
кыргызстан
ысык-көл
кырсык
моторлуу кайык
https://sputnik.kg/img/07e7/07/19/1077291814_831:852:2763:1939_1920x0_80_0_0_5d3a204e198cb6012ebd5c5b5914f400.jpg
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө каза болгон кыз менен баланын өлүмү боюнча окуянын чоо-жайын Ысык-Көл райондук ИИБ кабарлады.Эске салсак, буга чейин жекшемби күнү, 23-июлда, 2004-жылкы кыз менен 2000-жылкы баланы гидроскутер коюп кеткени айтылган. Экөө тең алган жаракатынан улам каза тапкан. Дагы бир жабыркаган кыз ооруканада жатат.Милиция билдиргендей, жекшемби күнү Ысык-Көл районунун аймактык ооруканасына Тез жардам менен үч адам оор жаракат алып түшкөн. Окуя каттоого алынып, ооруканага ыкчам-тергөө тобу барып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.Милиция шектүүнү кармады. Алдын ала суракта ал өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.Учурда тийштүү соттук-медициналык экспертизаалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери улантылууда.
https://sputnik.kg/20230724/kapchygaydan-kulagan-aydoochu-aman-kaldy-1077261767.html
ысык-көл
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/07/19/1077291814_912:696:2714:2047_1920x0_80_0_0_e3994f847fbff22d3e93c9c6da7f75c1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ысык-көл, кырсык, моторлуу кайык
кыргызстан, ысык-көл, кырсык, моторлуу кайык
Ысык-Көлдө эки эс алуучунун өлүмү. Окуянын чоо-жайы айтылды
14:11 25.07.2023 (Жаңыртылды: 14:16 25.07.2023) Жекшемби күнү Ысык-Көл районунун аймактык ооруканасына Тез жардам менен үч адам оор жаракат алып түшкөн.
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө каза болгон кыз менен баланын өлүмү боюнча окуянын чоо-жайын Ысык-Көл райондук ИИБ кабарлады.
Эске салсак, буга чейин жекшемби күнү, 23-июлда, 2004-жылкы кыз менен 2000-жылкы баланы
гидроскутер коюп кеткени айтылган. Экөө тең алган жаракатынан улам каза тапкан. Дагы бир жабыркаган кыз ооруканада жатат.
Милиция билдиргендей, жекшемби күнү Ысык-Көл районунун аймактык ооруканасына Тез жардам менен үч адам оор жаракат алып түшкөн. Окуя каттоого алынып, ооруканага ыкчам-тергөө тобу барып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
"Анын жүрүшүндө 23-июль күнү саат 16:30дар чамасында Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде, суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн "Таблетка" баллонун сүйрөтүп бара жатып теплоходго урунганы белгилүү болгон. Натыйжада үч адам денесинен жаракат алып, Чолпон-Ата шаарынын райондук ооруканасына оор абалда жеткирилген. Жабыркаган үч адамдын экөөсү жандандыруу бөлүмүнөн ошол түнү көз жуумп, үчүнчү жабырлануучу хирургия бөлүмүнө жаткырылган", — деп айтылат маалыматта.
Милиция шектүүнү кармады. Алдын ала суракта ал өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.
Учурда тийштүү соттук-медициналык экспертизаалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери улантылууда.