https://sputnik.kg/20230726/prokuratura-tergoo-ukugu-azhyratuu-prezident-kol-kojdu-1077333885.html
Прокуратура тергөө укугунан ажырады. Мыйзамга Садыр Жапаров кол койду
Прокуратура тергөө укугунан ажырады. Мыйзамга Садыр Жапаров кол койду
Sputnik Кыргызстан
Эки жыл мурда Конституция кабыл алынгандан кийин Башкы прокуратура кылмыш ишин тергөө укугуна ээ болгон. 26.07.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-07-26T20:50+0600
2023-07-26T20:50+0600
2023-07-26T20:59+0600
садыр жапаров
президент
прокуратура
тергөө
мыйзам
кыргызстан
https://sputnik.kg/img/07e5/02/1a/1051606414_0:84:1601:984_1920x0_80_0_0_c846aadff44a330c5a7549e163caa0d9.jpg
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров прокуратура органдарынан тергөө укугунан алуу мыйзамына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.Кыргызстандын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди.Тергөө жүргүзүү укугу ИИМ менен УКМКда болот. Ошондой эле мындай милдет аскерлердин кылмыш ишин иликтеген Аскер прокуратурасында калтырылды.Бийлик аталган өзгөртүү прокуратура органдары тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүргүзүүдө коррупциялык көрүнүштөрдү жана кызыкчылыктарды алдын алып, тең салмактуулук принцибин камсыз кылат деп ниеттенет.Белгилей кетсек, 2021-жылы жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин президент тарабынан сунушталып, Башкы прокуратура кылмыш ишин тергөө укугуна ээ болгон.Быйыл 29-июлда Жогорку Кеңеш прокуратура органын тергөө ыйгарым укуктарынан ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алган. Демилгени президент Садыр Жапаров сунуштап, парламентте юстиция министри Аяз Баетов баяндама жасаган. Көпчүлүк депутаттар эки жылга жетпей мыйзамды кайра өзгөртүүгө киргизгенин сынга алышкан.
https://sputnik.kg/20230726/suu-transport-nomer-aluu-mildet-1077329567.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/1a/1051606414_88:0:1511:1067_1920x0_80_0_0_3b7915e457ca7541385524bc87e12b64.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
садыр жапаров, президент, прокуратура, тергөө, мыйзам, кыргызстан
садыр жапаров, президент, прокуратура, тергөө, мыйзам, кыргызстан
Прокуратура тергөө укугунан ажырады. Мыйзамга Садыр Жапаров кол койду
20:50 26.07.2023 (Жаңыртылды: 20:59 26.07.2023) Эки жыл мурда Конституция кабыл алынгандан кийин Башкы прокуратура кылмыш ишин тергөө укугуна ээ болгон.
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров прокуратура органдарынан тергөө укугунан алуу мыйзамына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Кыргызстандын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди.
Тергөө жүргүзүү укугу ИИМ менен УКМКда болот. Ошондой эле мындай милдет аскерлердин кылмыш ишин иликтеген Аскер прокуратурасында калтырылды.
Бийлик аталган өзгөртүү прокуратура органдары тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүргүзүүдө коррупциялык көрүнүштөрдү жана кызыкчылыктарды алдын алып, тең салмактуулук принцибин камсыз кылат деп ниеттенет.
Белгилей кетсек, 2021-жылы жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин президент тарабынан сунушталып, Башкы прокуратура кылмыш ишин тергөө укугуна ээ болгон.
Быйыл 29-июлда Жогорку Кеңеш прокуратура органын тергөө ыйгарым укуктарынан ажыратуу боюнча
мыйзам долбоорун кабыл алган. Демилгени президент Садыр Жапаров сунуштап, парламентте юстиция министри Аяз Баетов баяндама жасаган. Көпчүлүк депутаттар эки жылга жетпей мыйзамды кайра өзгөртүүгө киргизгенин сынга алышкан.