https://sputnik.kg/20230726/rossiya-dan-kelishi-buu-zhyjynynda-sujlobojt-1077336227.html
Россия эгин келишими боюнча БУУнун жыйынында сүйлөөдөн баш тартты
Россия эгин келишими боюнча БУУнун жыйынында сүйлөөдөн баш тартты
Sputnik Кыргызстан
Буга Лондондун жыйынга Украинанын православ чиркөөсүнүн куугунтуктоо темасы боюнча Москва суранган спикерлерди катыштырбай койгону себеп болгон. 26.07.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-07-26T22:27+0600
2023-07-26T22:27+0600
2023-07-26T22:37+0600
россия
улуу британия
буу
эгин
отурум
келишим
украина
чиркөө
куугунтук
https://sputnik.kg/img/07e7/04/19/1074714460_0:321:3071:2048_1920x0_80_0_0_a5928ef3b5bee104c96400c4f5b79e74.jpg
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Россия эгин келишими боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөөдөн баш тартты, буга Лондондун жыйынга Украинанын православ чиркөөсүнүн куугунтуктоо темасы боюнча Москва суранган спикерлерди катыштырбай коюуну чечкени себеп болгон. Бул тууралуу Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский билдиргенин РИА Новости жазды.Шаршемби күнү эртең менен коопсуздук кеңешинин Украинанын православ чиркөөсүнүн куугунтуктоолору боюнча отуруму пландалган. Россия үч адамды баяндамачы катары сураган. Алар БУУнун өкүлү, Гедеон архиепископу (Украинанын православ чиркөөсүнөн) жана украин жазуучусу (жарандык коомдон) эле. Полянский акыркы экөө саясий жана диний көз караштары үчүн Украинада куугунтукка алынганын белгиледи.Бирок Улуу Британия ушул эле күнү Украинанын православ чиркөөсү боюнча отурумдун артынан Батыш суранган жыйын болорун айткан. Ал эгин келишиминин аякташынын кесепеттери тууралуу эле.Британиянын БУУдагы өкүлү Жеймс Клеверли Россияга убактылуу чектөөлөрдөн улам бир гана кишиге сөз сүйлөөгө уруксат берүү сунушталганын айткан. Экинчи спикер сөзүн жазып бере аларын билдирген.Андан кийин Россия Гедеон архиепископун отурумга катыштыруу маселесин процедуралык добуш берүүгө койду. Бирок аны үч эле мамлекет колдоп, Коопсуздук кеңешинин башка мүчөлөрү макул деп добуш берүүдөн карманган. Буга байланыштуу ал спикер дагы катышпай турган болгон.
https://sputnik.kg/20230719/egin-kelishiminin-tegeregindegi-zhagdayga-serep-1077157448.html
улуу британия
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/04/19/1074714460_438:435:2588:2048_1920x0_80_0_0_5db8430e74b523d7e1ea34decbc7bec1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
россия, улуу британия, буу, эгин, отурум, келишим, украина, чиркөө, куугунтук
россия, улуу британия, буу, эгин, отурум, келишим, украина, чиркөө, куугунтук
Россия эгин келишими боюнча БУУнун жыйынында сүйлөөдөн баш тартты
22:27 26.07.2023 (Жаңыртылды: 22:37 26.07.2023) Буга Лондондун жыйынга Украинанын православ чиркөөсүнүн куугунтуктоо темасы боюнча Москва суранган спикерлерди катыштырбай койгону себеп болгон.
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Россия эгин келишими боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөөдөн баш тартты, буга Лондондун жыйынга Украинанын православ чиркөөсүнүн куугунтуктоо темасы боюнча Москва суранган спикерлерди катыштырбай коюуну чечкени себеп болгон. Бул тууралуу Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский билдиргенин
РИА Новости жазды.
Шаршемби күнү эртең менен коопсуздук кеңешинин Украинанын православ чиркөөсүнүн куугунтуктоолору боюнча отуруму пландалган. Россия үч адамды баяндамачы катары сураган. Алар БУУнун өкүлү, Гедеон архиепископу (Украинанын православ чиркөөсүнөн) жана украин жазуучусу (жарандык коомдон) эле. Полянский акыркы экөө саясий жана диний көз караштары үчүн Украинада куугунтукка алынганын белгиледи.
Бирок Улуу Британия ушул эле күнү Украинанын православ чиркөөсү боюнча отурумдун артынан Батыш суранган жыйын болорун айткан. Ал эгин келишиминин аякташынын кесепеттери тууралуу эле.
Британиянын БУУдагы өкүлү Жеймс Клеверли Россияга убактылуу чектөөлөрдөн улам бир гана кишиге сөз сүйлөөгө уруксат берүү сунушталганын айткан. Экинчи спикер сөзүн жазып бере аларын билдирген.
Андан кийин Россия Гедеон архиепископун отурумга катыштыруу маселесин процедуралык добуш берүүгө койду. Бирок аны үч эле мамлекет колдоп, Коопсуздук кеңешинин башка мүчөлөрү макул деп добуш берүүдөн карманган. Буга байланыштуу ал спикер дагы катышпай турган болгон.
"Улуу Британия талапкерди БУУнун Коопсуздук кеңешинин жоболорунун бардык критерийлерине жооп бергендигине карабастан баш тарткандыктан, биз буга каршылык көрсөтүү катары кийинки отурумда сүйлөбөйбүз", — деди Полянский.