https://sputnik.kg/20230727/ysyk-kol-sot-shektuu-koe-berdi-1077355243.html
Ысык-Көлдөгү кыз менен жигиттин өлүмү. Сот шектүүнү коё берди
Ысык-Көлдөгү кыз менен жигиттин өлүмү. Сот шектүүнү коё берди
Sputnik Кыргызстан
Жекшемби күнү 19 жаштагы кыз менен 23 жаштагы жигит Чолпон-Ата шаарындагы эс алуучу жайлардын биринде каза болгон. 27.07.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-07-27T17:14+0600
2023-07-27T17:14+0600
2023-07-27T17:14+0600
кыргызстан
ысык-көл
чолпон-ата
кырсык
өспүрүм
сот
https://sputnik.kg/img/07e5/04/05/1052010866_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_22e2733d5f906ea8934d444a5aa40982.jpg
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө эки адамдын өлүмүнө себепкер деп шектелген өспүрүмдү райондук сот коё берди.Бөгөт чарасын тандоодо бала 18ге толо электиги эске алынган. Анын туруктуу жашаган жери бар экени жана кылмышты шалаакылыктын айынан жасаганы белгиленди. Өспүрүм мыйзамдуу өкүлдүн көзөмөлүнө өткөрүлүп берилди. Тергөө аны камакка алууну сураган болчу.Узаган жекшемби күнү 19 жаштагы кыз менен 23 жаштагы жигит Чолпон-Ата шаарындагы эс алуучу жайлардын биринде каза болгон. Аларды катер менен сүйрөтүп бараткан "таблетка" баллону теплоходго урунган. Көз жумгандардан сырткары 21 жаштагы бир кыз жаракат алып, ооруканада жатат. Кырсыкка кептелген катерди 16 жаштагы өспүрүм айдаганы белгилүү болгон.
https://sputnik.kg/20230726/suu-transport-nomer-aluu-mildet-1077329567.html
ысык-көл
чолпон-ата
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/04/05/1052010866_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_0f5c157e41dd3949d239dff8d8739488.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ысык-көл, чолпон-ата, кырсык, өспүрүм, сот
кыргызстан, ысык-көл, чолпон-ата, кырсык, өспүрүм, сот
Ысык-Көлдөгү кыз менен жигиттин өлүмү. Сот шектүүнү коё берди
Жекшемби күнү 19 жаштагы кыз менен 23 жаштагы жигит Чолпон-Ата шаарындагы эс алуучу жайлардын биринде каза болгон.
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө эки адамдын өлүмүнө себепкер деп шектелген өспүрүмдү райондук сот коё берди.
Бөгөт чарасын тандоодо бала 18ге толо электиги эске алынган. Анын туруктуу жашаган жери бар экени жана кылмышты шалаакылыктын айынан жасаганы белгиленди. Өспүрүм мыйзамдуу өкүлдүн көзөмөлүнө өткөрүлүп берилди. Тергөө аны камакка алууну сураган болчу.
Узаган жекшемби күнү 19 жаштагы кыз менен 23 жаштагы жигит Чолпон-Ата шаарындагы эс алуучу жайлардын биринде каза болгон. Аларды катер менен сүйрөтүп бараткан "таблетка" баллону теплоходго урунган. Көз жумгандардан сырткары 21 жаштагы бир кыз жаракат алып, ооруканада жатат. Кырсыкка кептелген катерди 16 жаштагы өспүрүм
айдаганы белгилүү болгон.