https://sputnik.kg/20230729/oshtun-atayyn-kyzmaty-zhany-imarattuu-boldu-1077404716.html
С. Жапаров УКМКнын Оштогу башкы башкармалыгынын жаңы имаратын ачты. Сүрөт
С. Жапаров УКМКнын Оштогу башкы башкармалыгынын жаңы имаратын ачты. Сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Объектилердин курулушу аяктап, ичинде заманбап спорт комплекси жана жаңы тергөө абагы менен пайдаланууга берилгени айтылды. 29.07.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-07-29T12:48+0600
2023-07-29T12:48+0600
2023-07-29T13:01+0600
кыргызстан
ош
ош облусу
садыр жапаров
иш сапар
укмк
имарат
сүрөт
https://sputnik.kg/img/07e7/07/1d/1077404426_0:148:2835:1743_1920x0_80_0_0_23d4d92045f449ea25419116b3ecdfae.jpg
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Садыр Жапаров УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын жаңы имаратын ачты. Бул тууралуу анын маалымат кызматынан кабарлады.Жапаров имараттын ачылышында сүйлөп, бүгүнкү күнү дүйнө жүзүндө оор кырдаал күчөп, анын кесепеттери мамлекеттер, анын ичинде улуттук коопсуздук маселелеринде жаңы көйгөйлөрдү, коркунучтарды жаратканын бөлүп айткан. Буга байланыштуу тармактык органдардын кызматкерлерине карата талаптар да өсүп жатканын, алардын иши саясий жана эл аралык туруктуулукту камсыз кылуу, террорчулукка, коррупцияга каршы күрөшүү, аймактык бүтүндүктү сактоо жана бул багыттагы иш-чараларды күчөтүү боюнча милдеттер менен көбөйгөнүн белгилеген.Улуттук коопсуздук органдарынын материалдык-техникалык базасы тууралуу айтып жатып, Жапаров УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын эски имараты 1979-жылы курулуп, анда мезгил-мезгили менен пландуу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп келгендигине токтолгон. Башкармалыктын кызматкерлеринин ишине заманга ылайык шарттарды түзүп берүү максатында өткөн жылы 2 836 чарчы метрди түзгөн жаңы үч имарат курулуп баштаган. Бүгүнкү күндө объектилердин курулушу аяктап, ичинде заманбап спорт комплекси жана жаңы тергөө абагы менен пайдаланууга берилип жатат.Мамлекет башчысы жаңыланган шарттар регионалдык башкармалыктын кызматкерлерине жаңы дем-күч берип, алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө болот деген бекем ишенимин билдирген. Сөзүнүн аягында улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине кажыбас кайрат, бекем эрк, мекенчилдик жана жооптуу кызматында ийгиликтерди каалаган.Сөз сүйлөгөндөн кийин мамлекет башчысы жаңы объектилерди, кызматтык жайларды карап чыгып, аталган башкармалыктын аймагын кыдырган.Эске салсак, Жапаров 27-июлдан 31-июлга чейин Ош, Жалал-Абадды кыдырып чыгуу үчүн түштүк аймакка келген.
https://sputnik.kg/20230728/s-zhaparov-bazhy-kyzmatynyn-bashchysyn-tildegen-video-1077382982.html
ош
ош облусу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/07/1d/1077404426_158:0:2678:1890_1920x0_80_0_0_7bf4cd40ee4f508405666f77ed298147.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ош, ош облусу, садыр жапаров, иш сапар, укмк, имарат, сүрөт
кыргызстан, ош, ош облусу, садыр жапаров, иш сапар, укмк, имарат, сүрөт
С. Жапаров УКМКнын Оштогу башкы башкармалыгынын жаңы имаратын ачты. Сүрөт
12:48 29.07.2023 (Жаңыртылды: 13:01 29.07.2023) Объектилердин курулушу аяктап, ичинде заманбап спорт комплекси жана жаңы тергөө абагы менен пайдаланууга берилгени айтылды.
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Садыр Жапаров УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын жаңы имаратын ачты. Бул тууралуу анын маалымат кызматынан кабарлады.
Жапаров имараттын ачылышында сүйлөп, бүгүнкү күнү дүйнө жүзүндө оор кырдаал күчөп, анын кесепеттери мамлекеттер, анын ичинде улуттук коопсуздук маселелеринде жаңы көйгөйлөрдү, коркунучтарды жаратканын бөлүп айткан. Буга байланыштуу тармактык органдардын кызматкерлерине карата талаптар да өсүп жатканын, алардын иши саясий жана эл аралык туруктуулукту камсыз кылуу, террорчулукка, коррупцияга каршы күрөшүү, аймактык бүтүндүктү сактоо жана бул багыттагы иш-чараларды күчөтүү боюнча милдеттер менен көбөйгөнүн белгилеген.
Улуттук коопсуздук органдарынын материалдык-техникалык базасы тууралуу айтып жатып, Жапаров УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын эски имараты 1979-жылы курулуп, анда мезгил-мезгили менен пландуу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп келгендигине токтолгон. Башкармалыктын кызматкерлеринин ишине заманга ылайык шарттарды түзүп берүү максатында өткөн жылы 2 836 чарчы метрди түзгөн жаңы үч имарат курулуп баштаган. Бүгүнкү күндө объектилердин курулушу аяктап, ичинде заманбап спорт комплекси жана жаңы тергөө абагы менен пайдаланууга берилип жатат.
Мамлекет башчысы жаңыланган шарттар регионалдык башкармалыктын кызматкерлерине жаңы дем-күч берип, алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө болот деген бекем ишенимин билдирген. Сөзүнүн аягында улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине кажыбас кайрат, бекем эрк, мекенчилдик жана жооптуу кызматында ийгиликтерди каалаган.
Сөз сүйлөгөндөн кийин мамлекет башчысы жаңы объектилерди, кызматтык жайларды карап чыгып, аталган башкармалыктын аймагын кыдырган.
Эске салсак, Жапаров 27-июлдан 31-июлга чейин Ош, Жалал-Абадды кыдырып чыгуу үчүн түштүк аймакка келген.