https://sputnik.kg/20230801/kyrgyzstan-dollar-kotoruu-chektoo-alyndy-1077478330.html
Кыргызстанга акча которууда долларга коюлган чектөө алынды
Кыргызстанга акча которууда долларга коюлган чектөө алынды
Sputnik Кыргызстан
Эми акчаны кайсы валютада жөнөтүлсө банктардан ошондой алууга мүмкүнчүлүк жаралды. 01.08.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-08-01T17:37+0600
2023-08-01T17:37+0600
2023-08-01T17:37+0600
кыргызстан
акча которуулар
доллар
чектөө
https://sputnik.kg/img/104260/95/1042609572_0:112:2959:1776_1920x0_80_0_0_bc13b9f583431fba20d8ced92659c860.jpg
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Улуттук банк жарандарга которулган акчаны чет жактан жөнөтүлгөн валюта менен толук өлчөмдө алууга уруксат берди.Белгилей кетсек, өткөн жылдын апрелинде эл аралык система менен (эсеп ачпай туруп) каражат которуунун эрежелери өзгөртүлгөн. Акчаны кайсы валютада жөнөткөнүнө карабай, Кыргызстандан сом түрүндө же жөнөтүлгөн өлкөнүн валютасы менен гана алууга мүмкүн эле. Мисалы, эгер Казакстандан доллар которсо банктар аны сом же теңге түрүндө гана берип келген. Ал эми доллар түрүндө АКШдан которулган каражаттарды гана берип жаткан.Июлдун ортосунда Улуттук банк аталган норманы алып салууну сунуштаган, буга валюта рыногунда кырдаал турукташканы жана банктардын накталай доллар запасы жетиштүү болуп калганы негиз болгон.Жаңы кабыл алынган токтомго ылайык, акча кайсы өлкөдөн кандай валютада которулбасын, Кыргызстандан алып жатканда чектөө болбойт.
https://sputnik.kg/20230716/kyrgyzstandan-syrtka-akcha-kotoruu-1077073962.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104260/95/1042609572_222:0:2738:1887_1920x0_80_0_0_aa3151e79382233eaa0254148b2bff8b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, акча которуулар, доллар, чектөө
кыргызстан, акча которуулар, доллар, чектөө
Кыргызстанга акча которууда долларга коюлган чектөө алынды
Эми акчаны кайсы валютада жөнөтүлсө банктардан ошондой алууга мүмкүнчүлүк жаралды.
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Улуттук банк жарандарга которулган акчаны чет жактан жөнөтүлгөн валюта менен толук өлчөмдө алууга уруксат берди.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын апрелинде эл аралык система менен (эсеп ачпай туруп) каражат которуунун эрежелери өзгөртүлгөн. Акчаны кайсы валютада жөнөткөнүнө карабай, Кыргызстандан сом түрүндө же жөнөтүлгөн өлкөнүн валютасы менен гана алууга мүмкүн эле. Мисалы, эгер Казакстандан доллар которсо банктар аны сом же теңге түрүндө гана берип келген. Ал эми доллар түрүндө АКШдан которулган каражаттарды гана берип жаткан.
Июлдун ортосунда Улуттук банк аталган норманы алып салууну сунуштаган, буга валюта рыногунда кырдаал турукташканы жана банктардын накталай доллар запасы жетиштүү болуп калганы негиз болгон.
Жаңы кабыл алынган токтомго ылайык, акча кайсы өлкөдөн кандай валютада которулбасын, Кыргызстандан алып жатканда чектөө болбойт.