https://sputnik.kg/20230811/44-zhyl-murun-aviakyrsykta-nabyt-bolgon-pahtakor-1077758281.html
Авиакырсыкта набыт болгон Ташкенттин футбол командасы. "Пахтакорду" эскерген видео
Авиакырсыкта набыт болгон Ташкенттин футбол командасы. "Пахтакорду" эскерген видео
Sputnik Кыргызстан
Кырсыкка Харьков башкармалыгынын авидиспетчерлери айыптуу деп табылган. 11.08.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-08-11T17:12+0600
2023-08-11T17:12+0600
2023-08-11T17:12+0600
дүйнөдө
өзбекстан
ташкент
авиакырсык
футбол
оюнчу
видео
https://sputnik.kg/img/102851/38/1028513891_0:0:3077:1731_1920x0_80_0_0_d34ab9daded06aaf27df42dca0e33908.jpg
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. 1979-жылы 11-августта советтик спорттун тарыхындагы трагедиялуу окуя катталган. 8400 метр бийиктикте "Аэрофлот" компаниясынын эки учагы кагышып, 178 адам набыт болгон. Самолёттун биринде Ташкенттин "Пахтакор" командасынын футболчулары учуп бараткан эле...Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы 44 жыл мурун болгон апаатты окурмандардын эсине салды.Украинанын Днепродзержинск шаарынын асманында бири Челянбинскиден Кишиневду көздөй, экинчиси Ташкенттен СССРдин чемпионаты өтчү Минскиге бараткан эки Ту-134 кагышкан. 8400 метр бийиктикте беларустун учагы молдовалык Ту-134түн бортун кагып өтөт. Натыйжада эки самолеттун ичиндеги 178 кишиден эч ким аман калган эмес.Кырсыкка Харьков башкармалыгынын авидиспетчерлери айыптуу деп табылган эле.Учурунда каргашаны жаап-жашыруу мүмкүн болгон эмес. Бирок ондогон жылдар өтсө да кылмыш ишинин материалдары сыр бойдон сакталуу турат.Бүгүн Ташкенттеги "Боткино" көрүстөнүндө "Пахтакор" командасынын оюнчуларын эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Аталган клубдун азыркы жана буга чейинки оюнчулары менен мүчөлөрү "Пахтакор-79" мемориалында гүл коюп эскеришти.
https://sputnik.kg/20230808/tushtuk-osetiyada-rossiyalyk-tynchtyk-ornotuuchular-eskerildi-1077667284.html
өзбекстан
ташкент
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102851/38/1028513891_346:0:3077:2048_1920x0_80_0_0_06ecb1db6dde340e0bfd159737e07971.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, өзбекстан, ташкент, авиакырсык, футбол, оюнчу, видео
дүйнөдө, өзбекстан, ташкент, авиакырсык, футбол, оюнчу, видео
Авиакырсыкта набыт болгон Ташкенттин футбол командасы. "Пахтакорду" эскерген видео
Кырсыкка Харьков башкармалыгынын авидиспетчерлери айыптуу деп табылган.
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. 1979-жылы 11-августта советтик спорттун тарыхындагы трагедиялуу окуя катталган. 8400 метр бийиктикте "Аэрофлот" компаниясынын эки учагы кагышып, 178 адам набыт болгон. Самолёттун биринде Ташкенттин "Пахтакор" командасынын футболчулары учуп бараткан эле...
Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы 44 жыл мурун болгон апаатты окурмандардын эсине салды.
Украинанын Днепродзержинск шаарынын асманында бири Челянбинскиден Кишиневду көздөй, экинчиси Ташкенттен СССРдин чемпионаты өтчү Минскиге бараткан эки Ту-134 кагышкан. 8400 метр бийиктикте беларустун учагы молдовалык Ту-134түн бортун кагып өтөт. Натыйжада эки самолеттун ичиндеги 178 кишиден эч ким аман калган эмес.
Кырсыкка Харьков башкармалыгынын авидиспетчерлери айыптуу деп табылган эле.
Учурунда каргашаны жаап-жашыруу мүмкүн болгон эмес. Бирок ондогон жылдар өтсө да кылмыш ишинин материалдары сыр бойдон сакталуу турат.
Бүгүн Ташкенттеги "Боткино" көрүстөнүндө "Пахтакор" командасынын оюнчуларын эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Аталган клубдун азыркы жана буга чейинки оюнчулары менен мүчөлөрү "Пахтакор-79" мемориалында гүл коюп эскеришти.