Опера жана балет театры кантип курулган? Сейрек архивдик ирмемдер
Опера жана балет театры кантип курулган? Сейрек архивдик ирмемдер
Sputnik Кыргызстан
Борбор калаада Опера жана балет театры мындан 81 жыл мурун негизделген. Sputnik Кыргызстан агенттиги ири маданий жайдын архивдик сүрөттөрүн сунуштайт. 27.08.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-08-27T16:37+0600
2023-08-27T16:37+0600
2023-08-27T16:37+0600
кыргызстан
маданият
абдылас малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры
Театрдын чыгармачыл жамааты кезинде далай декада, маданият күндөрүнө катышып, гастролдорго чыгып кыргыз маданиятын дүйнөгө тааныткан. Академиялык театрдан композиторлордон: Абдылас Малдыбаев, Мукаш Абдраев, Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов, опера ырчыларынан: Болот Миңжылкыев, Сайра Кийизбаева, Кайыргүл Сартбаева, Анвар Куттубаева, Дарика Жалгасынова бийчилерден: Бүбүсара Бейшеналиева, Уран Сарбагышев, Рейна Чокоева, Айсулуу Токомбаева, Чолпонбек Базарбаев сыяктуу бир топ таланттар чыккан.Тема боюнча:
Борбор калаада Опера жана балет театры мындан 81 жыл мурун негизделген. Sputnik Кыргызстан агенттиги ири маданий жайдын архивдик сүрөттөрүн сунуштайт.
Театрдын чыгармачыл жамааты кезинде далай декада, маданият күндөрүнө катышып, гастролдорго чыгып кыргыз маданиятын дүйнөгө тааныткан. Академиялык театрдан композиторлордон: Абдылас Малдыбаев, Мукаш Абдраев, Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов, опера ырчыларынан: Болот Миңжылкыев, Сайра Кийизбаева, Кайыргүл Сартбаева, Анвар Куттубаева, Дарика Жалгасынова бийчилерден: Бүбүсара Бейшеналиева, Уран Сарбагышев, Рейна Чокоева, Айсулуу Токомбаева, Чолпонбек Базарбаев сыяктуу бир топ таланттар чыккан.
Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында союз маалында спектакль, балеттер байма-бай коюлуп, башка республикалардан артисттер келип турган
Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында союз маалында спектакль, балеттер байма-бай коюлуп, башка республикалардан артисттер келип турган
Москвада 1958-жылы өткөн Кыргыз искусствосу менен адабиятынын экинчи декадасына барган Опера жана балет театрынын кызматкерлери (солдон оңду көздөй): Күлбүбү Мадемилова, Асанкул Куттубаев, Сайнат Жакобаева, Абдылас Малдыбаев, балерина Чолпон Жаманова, Асек Жумабаев, дирижёр Асанкан Жумакматов, театр таануучу Күмүшалиев