https://sputnik.kg/20230908/dujno-chempionatyna-bara-turgandar-anyktaldy-1078425114.html
Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күч сынашчу балбандар аныкталды. Тизме
Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күч сынашчу балбандар аныкталды. Тизме
Sputnik Кыргызстан
Бул — 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алууга мүмкүнчүлүк берүүчү мелдеш. 08.09.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-09-08T11:07+0600
2023-09-08T11:07+0600
2023-09-08T11:09+0600
дүйнөдө
спорт
сербия
күрөш
дүйнө чемпионаты
акжол махмудов
жоламан шаршенбеков
айсулуу тыныбекова
тизме
https://sputnik.kg/img/07e7/04/0a/1074327667_0:0:1280:721_1920x0_80_0_0_d3baf0a722a30e1a4763e5ce57da6c76.jpg
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Сербияда 16-24-сентябрь күндөрү өтө турган күрөш боюнча дүйнө чемпионатына бара турган улуттук курама команданын мүчөлөрү аныкталганын Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.Биринчилик Сербиянын ордо калаасы Белградда өтөт. Бул — 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алууга мүмкүнчүлүк берүүчү мелдеш болуп эсептелинет.Беттештер 10 салмак категориясында өтүп, жалпы 90 квота ойнотулат.16-18-сентябрь күндөрү эркин күрөш боюнча курама команда беттешет. Курама команданы улук машыктыруучулар Сүймөнкул Таабалды уулу, Ислам Тазабеков жана башкы машыктыруучу Руслан Маджинов жетектейт.18-21-сентябрь күндөрү кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер өтөт. Команданы улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев, башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жана Билимбек Капарбеков жетектейт.21-24-сентябрь күндөрү грек-рим күрөшү боюнча беттештер өтөт. Команданы улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков, башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев жана Мейрамбек Ахмедов жетектеп чыгат.
https://sputnik.kg/20230907/madaniyat-aziya-oyundary-sport-meldesh-1078392813.html
сербия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/04/0a/1074327667_105:0:1242:853_1920x0_80_0_0_32eb746ff723adad9b387783d7a48ea0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, спорт, сербия, күрөш, дүйнө чемпионаты, акжол махмудов, жоламан шаршенбеков, айсулуу тыныбекова, тизме
дүйнөдө, спорт, сербия, күрөш, дүйнө чемпионаты, акжол махмудов, жоламан шаршенбеков, айсулуу тыныбекова, тизме
Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күч сынашчу балбандар аныкталды. Тизме
11:07 08.09.2023 (Жаңыртылды: 11:09 08.09.2023) Бул — 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алууга мүмкүнчүлүк берүүчү мелдеш.
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Сербияда 16-24-сентябрь күндөрү өтө турган күрөш боюнча дүйнө чемпионатына бара турган улуттук курама команданын мүчөлөрү аныкталганын Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.
Биринчилик Сербиянын ордо калаасы Белградда өтөт. Бул — 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алууга мүмкүнчүлүк берүүчү мелдеш болуп эсептелинет.
Беттештер 10 салмак категориясында өтүп, жалпы 90 квота ойнотулат.
16-18-сентябрь күндөрү эркин күрөш боюнча курама команда беттешет. Курама команданы улук машыктыруучулар Сүймөнкул Таабалды уулу, Ислам Тазабеков жана башкы машыктыруучу Руслан Маджинов жетектейт.
Тайырбек Жумашбеков — 61 кг;
Икромжон Хаджимурадов — 65 кг;
Эрназар Акматалиев — 70 кг;
Арсалан Будажапов — 74 кг;
Анарбек Изабеков — 86 кг;
18-21-сентябрь күндөрү кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер өтөт. Команданы улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев, башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жана Билимбек Капарбеков жетектейт.
Калмира Билимбек кызы — 57 кг;
Айсулуу Тыныбекова — 62 кг;
Мээрим Жумуназарова — 68 кг;
Айпери Медет кызы — 76 кг;
21-24-сентябрь күндөрү грек-рим күрөшү боюнча беттештер өтөт. Команданы улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков, башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев жана Мейрамбек Ахмедов жетектеп чыгат.
Жоламан Шаршенбеков — 60 кг;
Амантур Исмаилов — 67 кг;
Бексултан Махмудов — 97 кг.