00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Максимальный репост
16:04
45 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ачык кеп
ВИЧ менен ооругандардын арасында жаңы төрөлгөн баладан карыяларга чейин бар
23:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Юрист: ЕАЭБ алкагындагы талаш-тартышты уюмдун соту чечет

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Финюст консалт" агенттигинин негиздөөчүсү, отставкадагы судья, ишкерлик укук боюнча эксперт Калыгул Салиев
Финюст консалт агенттигинин негиздөөчүсү, отставкадагы судья, ишкерлик укук боюнча эксперт Калыгул Салиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2023
Жазылуу
"Финюст консалт" агенттигинин негиздөөчүсү, отставкадагы судья, ишкерлик укук боюнча эксперт Калыгул Салиев ЕАЭБ соту кандай иш алып барарын жана ага кимдер кайрыла аларын айтып берди.
ЕАЭБдин алкагындагы талаш-тартышты уюмдун соту чечет. Бул тууралуу Калыгул Салиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Юрист: ЕАЭБ алкагындагы талаш-тартышты уюмдун соту чечет
Анын айтымында, ЕАЭБ соту ар дайым иш алып баруучу орган болуп саналат.
"ЕАЭБ — беш мамлекетти бириктирген, 180 миллион адам жашаган рынок. Ага Россия, Казакстан, Беларусь, Кыргызстан жана Армения кирет. Бул беш мамлекеттин ортосунда бажы чек аралары жок. Башкача айтканда, жүк, адамдар бажы текшерүүлөрүнөн өтпөйт. Мындай уюмда талаш-тартыш болбой койбойт, анткени ар бир өлкөнүн улуттук мыйзамдары, мамлекеттик түзүлүшү бар. Ошол эле учурда мүчө болгондо мамлекеттер ЕАЭБдин келишимине өз ыктыяры менен кол коюшкан. Эл аралык эреже боюнча, эл аралык келишимдерди, конвенцияларды аткарууга милдеттүү. Ошого карабастан ар кандай талаш-тартыштар орун алып калышы ыктымал. Аны чечүү үчүн мамлекет башчыларынын деңгээлинде жогорку кеңешме иштейт. Анда стратегиялык маселелер талкууланып чечилет. Мындан тышкары, өкмөт, премьер-министрлердин деңгээлинде кеңешме бар. Мында чарбалык, экономикалык жана башка маселелер жөнгө салынат. Ошондой эле ЕАЭБдин аткаруучу органы ЕЭК ар дайым иш алып барат жана ага ар бир өлкөдөн өкүл кирген. Төртүнчү орган бул ЕАЭБдин соту болуп саналат. Мына ошол жерде бардык талаш-тартыш маселелер чечилет. Ага мамлекеттин аныкталган өкүлдөрү гана кайрыла алат. Кыргызстанда булар: Юстиция министрлиги, анын карамагындагы Сот өкүлчүлүгү борбору, Экономика жана коммерция, Финансы, Айыл чарба жана Транспорт министрликтери. Баары кайрылуусуна жараша түшүндүрмө ала алышат. Ал сотко дагы ар бир өлкөдөн экиден судья кирип, жалпы 10 судья иш алып барат. Талаш-тартыш болуп калса беш судья карайт, эгер кайрылган тарап ынанбаса апелляция бере алат. Аны берки беш судья карайт", — деди Салиев.
Ошондой эле ал ЕАЭБ соту түзүлгөн жети жыл ичинде 200гө чукул ишти карап, анын үчөө Кыргызстандын кайрылуусу экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0