https://sputnik.kg/20230910/bishkek-lenin-rayon-zhogorku-kenesh-shayloo-1078498764.html
Бишкектин Ленин районунда Жогорку Кеңешке шайлоо аяктады
Бишкектин Ленин районунда Жогорку Кеңешке шайлоо аяктады
Sputnik Кыргызстан
Бир нече мүнөттөн кийин шайлоонун алдын ала жыйынтыгы белгилүү болот (автоматтык түрдө санаган урналардын маалыматы боюнча). 10.09.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-09-10T20:22+0600
2023-09-10T20:22+0600
2023-09-10T20:51+0600
шайлоо
бшк
депутат
жогорку кеңеш
кыргызстан
https://sputnik.kg/img/07e5/07/0b/1053179143_0:92:3072:1820_1920x0_80_0_0_3e3f8d37ee3b0b0c468f277be689af9b.jpg
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бишкектин Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округуна Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо үчүн шайлоо участкалары жабылды.Ага 24 талапкер катышты. Добуш берүү үчүн 51 шайлоо участогу уюштурулган. Бир нече мүнөттөн кийин шайлоонун алдын ала жыйынтыгы белгилүү болот.Май айындагыдай азыркы шайлоого катышуу абдан төмөн болду — болгону 12 пайыздын тегереги. Саат 18:00гө карата Ленин районунун шайлоо укугуна ээ болгон 127 239 тургунунун 15 947си гана добуш берген.БШК 16-июнда Жогорку Кеңешке Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Шайлоодо талапкер Дамира Ниязалиева алдыда келе жаткан. Бирок ал добуштарды сатып алууга шектелип шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган. Экинчи орунду талапкер Улан Сариев ээлеген, бирок анын дагы алган добуштары жокко чыгарылган. Мындан улам ал шайлоонун жыйынтыгы таанылган эмес.Ленин округундагы мөөнөтүнөн мурда шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан улам өткөн эле. Март айында ал ресторандын алдынан күзөт кызматкерин сабап салган. Бул окуядан кийин Абиров депутат болууга моралдык укугу жок экенин айтып мандатын тапшырган.
https://sputnik.kg/20230910/bgn-shaardyktar-bash-ayagy-24-talapkerge-dobush-bermekchi-1078477055.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/07/0b/1053179143_222:0:2953:2048_1920x0_80_0_0_c1bf0e37261a33594f81cf2500450bbe.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
шайлоо, бшк, депутат, жогорку кеңеш, кыргызстан
шайлоо, бшк, депутат, жогорку кеңеш, кыргызстан
Бишкектин Ленин районунда Жогорку Кеңешке шайлоо аяктады
20:22 10.09.2023 (Жаңыртылды: 20:51 10.09.2023) Бир нече мүнөттөн кийин шайлоонун алдын ала жыйынтыгы белгилүү болот (автоматтык түрдө санаган урналардын маалыматы боюнча).
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бишкектин Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округуна Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо үчүн шайлоо участкалары жабылды.
Ага 24 талапкер катышты. Добуш берүү үчүн 51 шайлоо участогу уюштурулган. Бир нече мүнөттөн кийин шайлоонун алдын ала жыйынтыгы белгилүү болот.
Май айындагыдай азыркы шайлоого катышуу абдан төмөн болду — болгону 12 пайыздын тегереги. Саат 18:00гө карата Ленин районунун шайлоо укугуна ээ болгон 127 239 тургунунун 15 947си гана добуш берген.
БШК 16-июнда Жогорку Кеңешке Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Шайлоодо талапкер Дамира Ниязалиева алдыда келе жаткан. Бирок ал добуштарды сатып алууга шектелип шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган. Экинчи орунду талапкер Улан Сариев ээлеген, бирок анын дагы алган добуштары жокко чыгарылган. Мындан улам ал шайлоонун жыйынтыгы таанылган эмес.
Ленин округундагы мөөнөтүнөн мурда шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан улам өткөн эле. Март айында ал ресторандын алдынан күзөт кызматкерин сабап салган. Бул окуядан кийин Абиров депутат болууга моралдык укугу жок экенин айтып мандатын тапшырган.