00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Министрлерди "не тормози" деп коюңузчу. Депутат ундун кымбатташын сынга алды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2023
Жазылуу
Эл өкүлү жооптуу аткаминерлер сүйлөп эле тим болуп, иш жүзүндө эч нерсе жасабай жатканын айтты.
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары ундун кымбатташын ооздуктаганга чамасы жетпей жатат деп өкмөттү сындады.
Эл өкүлү Марлен Маматалиев жооптуу аткаминерлер сүйлөп эле тим болуп, иш жүзүндө эч нерсе жасабай жатканын айтты. Мындан улам ал президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылды.
"Алмасбек Акунжанович, бир пачка "Сникерс" алып, азык-түлүккө жооптуу министрлерге берип туруп "не тормози, сникерси" деп коюңузчу. Себеби ундун баасы көтөрүлгөнүнө үч күн болду. Айыл чарба министрлиги "унду сыртка чыгарууга тыюу салабыз" деди, бирок кылган жок. Матрезерв фонду чыгып "ун жетиштүү, запас бар" деди. Антимонополия бир нерсе кылып жатабыз дегенсиди. Өкмөт башчынын орун басары "темир жолдо тыгын болуп жатыптыр" деп койду", — деп нааразы болду депутат.
Ошондой эле ал ундун кымбатташы менен башка жактагы баалар дагы көтөрүлүп жатканын эскертти.
"Үч вице-премьер эмне кылып отурат? Баарын чакырсын, бир күндө чечим кабыл ала турган нерсе да. Сыртка сатууга дароо тыюу салып, Матрезервди унду рынокко чыгар десе болот. Эми нан кымбаттады, анан кафелерде тамак-аштын баасы көтөрүлдү, андан ары уланып жатат. Бизде ун менен доллар көтөрүлсө эле баары кымбаттайт. Жумуштарды ыкчам аткарыш керек", — деди Маматалиев.
Ал эми Тазабек Икрамов кырдаал боюнча буга чейин депутаттар коңгуроо какса өкмөт көңүл бурбай койгонун айтып сындады.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Тазабек Икрамов
Депутат Тазабек Икрамов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2023
Депутат Тазабек Икрамов
"Күз башталбай жатып бир кап ун 1000 сомго кымбаттап кетти. Буга чейин алык-түлүк кымбаттап жатат, көзөмөлдөгүлө деп канча жолу коңгуроо кагып жаттык. Аны кылган жок", — деди Икрамов.
Андыктан депутат министрлер кабинетин чакырып кымбатчылык менен кантип күрөшөрүн, кышка даярдыгын, электр энергиясы, көмүр маселесин кароону сунуштады.
Базарда ун сатуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2023
Кыргызстанда Казакстандын уну кымбаттады. Өкмөт жыйын өткөрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0