https://sputnik.kg/20230922/lavrov-guterreshti-akshga-karshy-arbitrazhdyk-zharayandy-bashtoogo-chakyrdy-1078819244.html
Лавров Гутеррешти АКШга каршы арбитраждык жараянды баштоого чакырды
Лавров Гутеррешти АКШга каршы арбитраждык жараянды баштоого чакырды
Sputnik Кыргызстан
Россия министри БУУнун Башкы Ассамблеясынын тармактык резолюциясында виза бербей өзү билемдик кылган "илдет" боюнча бир нече ирет айтылгандыгын белгилеген. 22.09.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-09-22T11:03+0600
2023-09-22T11:03+0600
2023-09-22T11:03+0600
дүйнөдө
акш
сергей лавров
буу
арбитраж
жараян
россия
https://sputnik.kg/img/07e7/09/16/1078815099_0:0:720:406_1920x0_80_0_0_fa3149d43e750018e4e8fb924ba727db.jpg
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутеррешти АКШга каршы арбитраж жараянын баштоого чакырды. Бул туурасында аталган ведомствонун сайтында жазылган. Министр "түзүлгөн кырдаал Гутеррештин Кошмо Штаттарга каршы арбитраждык процедураны тезирээк башташын талап кыларын, бул туурасында БУУнун Башкы Ассамблеясынын тармактык резолюциясында бир нече ирет айтылгандыгын" белгилеген.Лавров, мындан сырткары, Гутеррешке " Украинанын адамзатка карата жасаган кылмыштары (2022-2023)" деп аталган китепти тапшырган. Анда "Донбасстын балдары" деп аталган документалдык видеоматериалдар топтолгон.Китептин бет ачарын 2023-жылы августтун орто ченинде өткөрүшкөн. Авторлору: РФтин Коомдук палатасынын мүчөсү Максим Григорьев, Мамлекеттик Думанын коргонуу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Дмитрий Саблин. Григорьевдин айтымында, китепте көрсөтмөлөрү менен украиналык неонацисттердин, алардын тилектештеринин 600дөн ашык кылмыштары боюнча эл аралык трибуналдын иштеринин жыйынтыгынын мазмуну камтылган.
https://sputnik.kg/20230423/akshnyn-rossiyalyk-zhurnalistterge-viza-beruudon-bash-tartkany-boyuncha-lavrov-emne-dedi-1074682105.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/09/16/1078815099_40:0:680:480_1920x0_80_0_0_3a142b98d05f031e576ca49682ec1273.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, сергей лавров, буу, арбитраж, жараян, россия
дүйнөдө, акш, сергей лавров, буу, арбитраж, жараян, россия
Лавров Гутеррешти АКШга каршы арбитраждык жараянды баштоого чакырды
Россия министри БУУнун Башкы Ассамблеясынын тармактык резолюциясында виза бербей өзү билемдик кылган "илдет" боюнча бир нече ирет айтылгандыгын белгилеген.
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутеррешти АКШга каршы арбитраж жараянын баштоого чакырды. Бул туурасында аталган ведомствонун
сайтында жазылган.
"Министр баш катчынын көңүлүн БУУнун 1947-жылдагы борбордук мекемелер боюнча макулдашуусундагы милдеттенмелерин АКШнын бузган учурлары дагы деле уланып жатканына бурду. Буга Россиянын жана башка мамлекеттердин дипломаттарына БУУнун иш-чараларына катышууга виза бербей жатканын да кошту", — деп белгилешти ведомстводон.
Министр "түзүлгөн кырдаал Гутеррештин Кошмо Штаттарга каршы арбитраждык процедураны тезирээк башташын талап кыларын, бул туурасында БУУнун Башкы Ассамблеясынын тармактык резолюциясында бир нече ирет айтылгандыгын" белгилеген.
Лавров, мындан сырткары, Гутеррешке " Украинанын адамзатка карата жасаган кылмыштары (2022-2023)" деп аталган китепти тапшырган. Анда "Донбасстын балдары" деп аталган документалдык видеоматериалдар топтолгон.
Китептин бет ачарын 2023-жылы августтун орто ченинде өткөрүшкөн. Авторлору: РФтин Коомдук палатасынын мүчөсү Максим Григорьев, Мамлекеттик Думанын коргонуу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Дмитрий Саблин. Григорьевдин айтымында, китепте көрсөтмөлөрү менен украиналык неонацисттердин, алардын тилектештеринин 600дөн ашык кылмыштары боюнча эл аралык трибуналдын иштеринин жыйынтыгынын мазмуну камтылган.