00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бабий Ярдагы апаатты бурмалоо. Блинкендин калпы чыкты

© AP Photo / Caitlin OchsАКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. Архивдик сүрөт
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2023
Жазылуу
Блинкен совет бийлиги Бабий Ярда миңдеген еврей өлтүрүлгөн тарыхты "унуткарганын" билдирген.
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Советтер Союзу Бабий Ярдагы каргаша тууралуу унчукпай келген деп акылга сыйгыс калпты айтты. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Telegram каналына жазды.
Эскерте кетсек, буга чейин Блинкен X аккаунту аркылуу совет бийлиги Бабий Ярда миңдеген еврей өлтүрүлгөн тарыхты "унуткарганын" билдирген. Мамлекеттик катчы, мындан тышкары, Москвага Украинадагы "кылыктарын жашыруу" үчүн бул каргашаны өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жатат деп кине койгон.
"Энтони Блинкен Экинчи дүйнөлүк согуштун жүрөк үшүн алган апааттарынын бири — 1941-жылдын 29-30-сентябрында советтик Киевдин жай тургундары атылган трагедия тууралуу жалган сүйлөдү. Шаарды курчап алган нацисттер "тазалоого" киришкен. Бир нече күн ичинде эле он миңдеген еврей, цыгандар, советтик аскер туткундары жок кылынган. 29-30-сентябрда эле немецтик фашисттер мыкаачылык менен 34 миң кишини кырып салган. Блинкен ушуну эске салып, кыргын 1943-жылдын ноябрына, башкача айтканда, Киевди Кызыл армия бошотконго чейин уланганын "унутуп койду", — деп жазды Захарова.
Ал бир да мамлекет Советтер Союзундай Холокостту айыптагандай күнөө коюп келбегенин белгилеп, атайын токтом менен Бабий Ярда эстелик тургузулганын эске салды. Захарованын айтымында, Бабий Яр — совет эли үчүн Хатынь, Треблинка же Аушвиц сыяктуу айыкпаган жараат.
"Израиль басылмасы тарабынан таасирдүү еврейлердин бири деп табылып, ошол эле учурда Канада парламентинде нацисттин урматталышын кадыресе көрүнүш деп кабыл алган мамлекеттик катчыдан эмнени күтмөк элек? Бандера менен Шухевичти даңазалаган Киевдин нацисттик режимин каржылоого буйрук берген мамлекеттик катчыдан эмнени күтсө болот? Неонацизм, расизм жана ксенофобияны сынга алган БУУ БАнын резолюциясына каршы добуш берүүгө буйрук берген мамлекеттик катчыдан эмнени күтсө болот?" — деп суроо салган Захарова.
ТИМ өкүлү мындай калп сүйлөгөн адамдар нацист Хунка сыяктуу акыл-эси бар кезде, үй-бүлөсүнүн курчоосунда абийири кетиши керек деген пикирин билдирди.
Блинкендин айткандарына Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский да жооп кайтарып, Бабий Ярдагы массалык кыргынды украин улутчулдары жасаганын белгилеген.
Эскерте кетсек, 1941-жылы Бабий Ярда немец нацисттери тарапташтары менен бирге 34 миңге жакын киев еврейлерин атып салышкан. Бабий Яр Чыгыш Европадагы холокосттун символу болуп калды. Бул Экинчи дүйнөлүк согуш маалынан берки бир маалда өлтүрүлгөн адамдардын саны боюнча эң эле ири кыргын деп эсептелет. 1941-1943-жылдардын аралыгында улутчулдар Киевдеги Бабий Ярда 70 миңден 100 миңге чейин адамды атып, шаардын еврей калкын жок кылган. Мындан тышкары, цыгандар, украиндер, туткундагы орус аскерлер жана психиатриялык оорукананын бейтаптары өлтүрүлгөн.
Эки күндө 33 миң кишини атып салышкан. Фашисттердин Бабий Ярдагы кыргыны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
Эки күндө 33 миң кишини атып салышкан. Фашисттердин Бабий Ярдагы кыргыны
Жаңылыктар түрмөгү
0