https://sputnik.kg/20231002/tashiev-menen-yatimovdun-zholugushuusu-maalymat-1079098942.html
Кыргыз өкмөтү Ташиев менен Ятимовдун жолугушуусу тууралуу маалымат берди
Кыргыз өкмөтү Ташиев менен Ятимовдун жолугушуусу тууралуу маалымат берди
Sputnik Кыргызстан
Жыйындын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлган. 02.10.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-10-02T23:52+0600
2023-10-02T23:52+0600
2023-10-03T00:00+0600
кыргызстан
тажикстан
камчыбек ташиев
чек ара
жолугушуу
сүрөт
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/02/1079098232_99:167:978:661_1920x0_80_0_0_0b10eb713f8e62ef9b573d691046e720.jpg
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен жолугушуусу болду. Бул туурасында министрлер кабинети билдирди.Сүйлөшүү 2-октябрь күнү Баткен шаарында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМКсынын жетекчиси Саймумин Ятимовдун жетекчилиги астында өткөн.Жолугушууда чек араны делимитациялоо маселеси боюнча кеңири пикир алмашуу болгону белгиленди.Биргелешкен жыйындын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлган. Жолугушуу достукта жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөнү айтылды.Соцтармакта айрым блогерлер Тажикстан менен чек ара толук такталып, “тарыхый чечим кабыл алынганын” жазууда. Алар Ташиев менен Ятимовдун документке кол коюп жаткан сүрөттөрүн чыгарышкан. Бирок бул маалымат расмий тастыкталган жок.
https://sputnik.kg/20230927/torugart-menen-ehrkech-tam-4-kungo-zhabylat-1078961674.html
тажикстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/02/1079098232_162:155:933:733_1920x0_80_0_0_4e9c89482ee7037df5b554516597b709.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, тажикстан, камчыбек ташиев, чек ара, жолугушуу, сүрөт
кыргызстан, тажикстан, камчыбек ташиев, чек ара, жолугушуу, сүрөт
Кыргыз өкмөтү Ташиев менен Ятимовдун жолугушуусу тууралуу маалымат берди
23:52 02.10.2023 (Жаңыртылды: 00:00 03.10.2023) Жыйындын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлган.
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен жолугушуусу болду. Бул туурасында министрлер кабинети билдирди.
Сүйлөшүү 2-октябрь күнү Баткен шаарында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМКсынын жетекчиси Саймумин Ятимовдун жетекчилиги астында өткөн.
Жолугушууда чек араны делимитациялоо маселеси боюнча кеңири пикир алмашуу болгону белгиленди.
“Делегациялардын башчылары кыргыз-тажик чек арасынын долбоордук линиясынын калган тилкелериндеги иштерди активдештирүү зарылчылыгын билдирип, жумушчу топторго тиешелүү тапшырмаларды беришти. Өкмөттүк делегациялардын топографиялык жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топтору чек аранын калган тилкелеринде долбоордук линияны сыпаттоо иштерин улантат”, — деп айтылат маалыматта.
Биргелешкен жыйындын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлган. Жолугушуу достукта жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөнү айтылды.
Соцтармакта айрым блогерлер Тажикстан менен чек ара толук такталып, “тарыхый чечим кабыл алынганын” жазууда. Алар Ташиев менен Ятимовдун документке кол коюп жаткан сүрөттөрүн чыгарышкан. Бирок бул маалымат расмий тастыкталган жок.