https://sputnik.kg/20231016/500-som-uluttuk-bank-1079518577.html
Ар кандай өлчөмдөгү жаңы 500 сомдуктар. Улуттук банктын түшүндүрмөсү
Ар кандай өлчөмдөгү жаңы 500 сомдуктар. Улуттук банктын түшүндүрмөсү
Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк валюталар эл аралык сапат стандарттары боюнча гана даярдала турганын белгилеген. 16.10.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-10-16T16:13+0600
2023-10-16T16:13+0600
2023-10-16T16:57+0600
кыргызстан
улуттук банк
банкнота
текшерүү
https://sputnik.kg/img/07e6/01/13/1061346236_0:161:3067:1886_1920x0_80_0_0_6f3d8b153063732acd37d8800e303a81.jpg
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Улуттук банк ар кандай өлчөмдөгү 500 сомдук жаңы купюралар боюнча түшүндүрмө берди.Буга чейин көлөмү ар кандай болгон эки 500 сомдук жаңы купюра соцтармакта кызуу талкуу жараткан. Жаңы сериядагы банкнота ушул жылдын майында жүгүртүүгө киргизилген.Улуттук банк видеодо көрсөтүлгөн ар кандай өлчөмдөгү купюраларды банкка өткөрүп берүүнү өтүнгөн.Улуттук банк улуттук валюталар эл аралык сапат стандарттары боюнча гана даярдала турганын белгилеп, алардын сапаты банкнота чыгарып жаткандагы ар бир этап сайын текшерилерин кошумчалаган."Эгер сизде күмөн жараткан банкнота же монета болуп калса, укук коргоо органдарына же Улуттук банкка өткөрүп берүүнү өтүнөбүз. Ал жактан тиешелүү адистер экспертиза жүргүзөт. Ал үчүн акы алынбайт. Банкнота беш иш күн ичинде текшерилет", — деп айтылат маалыматта.Улуттук банк күмөн жараткан банкноталарды жана улуттук валютанын монеталарын экспертизага дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9:00дөн 15:00гө чейин кабыл аларын кошумчалады.
https://sputnik.kg/20230615/kyrgyzstan-akcha-kotoruu-dollar-1076249956.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/01/13/1061346236_169:0:2898:2047_1920x0_80_0_0_9a694309f24709d266a17132ee2f5a86.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, улуттук банк, банкнота, текшерүү
кыргызстан, улуттук банк, банкнота, текшерүү
Ар кандай өлчөмдөгү жаңы 500 сомдуктар. Улуттук банктын түшүндүрмөсү
16:13 16.10.2023 (Жаңыртылды: 16:57 16.10.2023) Улуттук банк валюталар эл аралык сапат стандарттары боюнча гана даярдала турганын белгилеген.
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Улуттук банк ар кандай өлчөмдөгү 500 сомдук жаңы купюралар боюнча түшүндүрмө берди.
Буга чейин көлөмү ар кандай болгон эки 500 сомдук жаңы купюра соцтармакта кызуу талкуу жараткан. Жаңы сериядагы банкнота ушул жылдын майында жүгүртүүгө киргизилген.
Улуттук банк видеодо көрсөтүлгөн ар кандай өлчөмдөгү купюраларды банкка өткөрүп берүүнү өтүнгөн.
"Бул банкноталар тиешелүү экспертизадан өткөндөн кийин гана маалымат берилет", — деп жазылат билдирмеде.
Улуттук банк улуттук валюталар эл аралык сапат стандарттары боюнча гана даярдала турганын белгилеп, алардын сапаты банкнота чыгарып жаткандагы ар бир этап сайын текшерилерин кошумчалаган.
"Эгер сизде күмөн жараткан банкнота же монета болуп калса, укук коргоо органдарына же Улуттук банкка өткөрүп берүүнү өтүнөбүз. Ал жактан тиешелүү адистер экспертиза жүргүзөт. Ал үчүн акы алынбайт. Банкнота беш иш күн ичинде текшерилет", — деп айтылат маалыматта.
Улуттук банк күмөн жараткан банкноталарды жана улуттук валютанын монеталарын экспертизага дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9:00дөн 15:00гө чейин кабыл аларын кошумчалады.