00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ташиев: Көлбаев менен да, Матраимов менен да сүйлөшкөнбүз, тил албай коюшту

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРКамчы Көлбаев жана Азим Рой. Архив
Камчы Көлбаев жана Азим Рой. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2023
Жазылуу
УКМК төрагасы эскертүү берилгенине карабастан Көлбаев менен Матраимов соңку бир жылда кайрадан мыйзамсыз иштерди баштаганын айтты.
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Мен тирүү турганда бир дагы уюшкан кылмыштуу топтун, коррупционердин жана башкалардын мамлекетке каршы аракеттери ишке ашпайт. Мындай билдирүүнү УКМК башчысы Камчыбек Ташиев чекисттер үчүн курулган имараттардын биринин ачылышында айтты.
Ташиевдин кебинин урунттуу учурлары:
Көлбаевдин аялына, балдарына бир ресторан, бир машина, беш батир, бир Техникалык көзөмөл кызматы, эки жер тилкесин калтырдык;
Көлбаевдин 100 миллиард сомдон ашык байлыгынын 20 миллиарды мамлекетке мүлк жана башка формада өттү. Калганын да өткөрүп жатабыз;
Көлбаевден алынган батирлердин баары МИК аркылуу жөнөкөй адамдарга берилет;
Азим Рой (Көлбаевдин өкүл атасы деген маалыматтар айтылып жүрөт) Кыргызстанга келгенде президент дагы, мен дагы кабыл алгам. Ошондо "Мен криминалдык жүрүм-турумумду токтоттум. Инвестормун, акчам бар, Кыргызстанга завод-фабрика салайын", – деген. Бирок андан бери эки жыл өттү Рой завод эмес, бир дүкөн салган жок. Кайрадан өзүнүн "иштерин" баштады. Элди тоноо, коркутуп-үркүтүү... Ошондуктан чара көрө баштадык. Бизге мындай инвестордун кереги жок;
Биз бийликке келгенде Камчы Көлбаев менен дагы, Райымбек Матраимов менен дагы сүйлөшкөнбүз. Ошондо мыйзамды бузбагыла дегенбиз. Бирок акыркы бир жылда күчөп кетишти. Мамкызматтагы мурдатан байланышы бар адамдары аркылуу мыйзам буза баштады. Тил албай коюшту, эми биз аларды жазалап жатабыз;
Көлбаев менен Кыргызстандагы түрдүү рангдагы мамлекеттик 225 кызматкердин байланышы бар экендиги белгилүү болду;
Акылбек Жапаров Көлбаевдин апасынын мааракелик тоюна беш жыл мурун барыптыр. Бирок Жапаровдун биз менен иштешкен үч жыл аралыгында ал менен байланышканы аныкталган эмес;
Депутат Акылбек Түмөнбаевдин Көлбаев менен байланышы бар экени аныктала элек, аныкталса кылмыш ишин козгойм.
Аткаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2023
Ташиев Камчы Көлбаев менен байланышы бар мамкызматкерлердин санын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0