https://sputnik.kg/20231121/koopsuz-shaar-bijlik-ketirgen-kata-1080640198.html
Багы ачылбай койду. А.Жапаров "Коопсуз шаар" боюнча бийлик кетирген катаны айтты
Багы ачылбай койду. А.Жапаров "Коопсуз шаар" боюнча бийлик кетирген катаны айтты
Sputnik Кыргызстан
Жапаров жаңы жылга чейин компаниялар менен сот иштерин бүтүрүү каралганын билдирген. 21.11.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-11-21T16:23+0600
2023-11-21T16:23+0600
2023-11-21T16:23+0600
кыргызстан
акылбек жапаров
компания
сот
коопсуз шаар
https://sputnik.kg/img/07e5/09/07/1053821621_0:190:1824:1216_1920x0_80_0_0_ed98bb6fb83818de62feb1bcf6dc1422.jpg
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында "Коопсуз шаар" боюнча бийлик эмнеден жаза басканын айтты.Ал өлкөдөгү бардык шаарга камера орнотуу иши бир фирмага жүктөлгөнүн айтып, бул бийликтин катасы болгонун моюндады.Өкмөт башчы мэрлер инвестор таап келсе өзүнүн шаарына "Коопсуз шаардын" камерасына орнотууга уруксат берилерин кошумчалаган.Белгилей кетсек, долбоордун 2-этабын кытайлык Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd. компаниясы ишке ашырмак.Эске салсак, Бишкек шаарынын жолдоруна "Коопсуз шаардын" биринчи этабынын камералары 2018-жылдын декабрь айында орнотулуп, эреже бузгандарды каттай баштаган. Бир жылдан кийин экинчи этабы башталып, кытайлык компания айрым аймактарга жана шаардын кээ бир көчөлөрүнө камераларды орноткон.
https://sputnik.kg/20230526/syrtka-chykpay-kalbash-uchun-karyzdardy-kantip-bilish-kerek-1075659541.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/09/07/1053821621_0:0:1622:1216_1920x0_80_0_0_9c04ef0460d7e57628fbef28a68d0de1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, акылбек жапаров, компания, сот, коопсуз шаар
кыргызстан, акылбек жапаров, компания, сот, коопсуз шаар
Багы ачылбай койду. А.Жапаров "Коопсуз шаар" боюнча бийлик кетирген катаны айтты
Жапаров жаңы жылга чейин компаниялар менен сот иштерин бүтүрүү каралганын билдирген.
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында "Коопсуз шаар" боюнча бийлик эмнеден жаза басканын айтты.
Ал өлкөдөгү бардык шаарга камера орнотуу иши бир фирмага жүктөлгөнүн айтып, бул бийликтин катасы болгонун моюндады.
"Коопсуз шаардын" багы ачылбай койду. Башында эле туура эмес фирманы, "Веганы" таап алыптырбыз. Алар менен сот процесси жүрүүдө, 2-этапты алган жаныбыздагы чоң кошунанын инвестору да соттошуп атат. Жаңы жылга чейин талаштарды бүтүрөлү деп жатабыз", — деди Жапаров.
Өкмөт башчы мэрлер инвестор таап келсе өзүнүн шаарына "Коопсуз шаардын" камерасына орнотууга уруксат берилерин кошумчалаган.
Белгилей кетсек, долбоордун 2-этабын кытайлык Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd. компаниясы ишке ашырмак.
Эске салсак, Бишкек шаарынын жолдоруна "Коопсуз шаардын" биринчи этабынын камералары 2018-жылдын декабрь айында орнотулуп, эреже бузгандарды каттай баштаган. Бир жылдан кийин экинчи этабы башталып, кытайлык компания айрым аймактарга жана шаардын кээ бир көчөлөрүнө камераларды орноткон.