https://sputnik.kg/20231205/kolbaevge-tiesheluu-zher-mamleket-1080990163.html
Ысык-Көлдө Көлбаевге тиешелүү делген 115 гектар жер кайтарылды. Сүрөт
Ысык-Көлдө Көлбаевге тиешелүү делген 115 гектар жер кайтарылды. Сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Н.Р.Р. аттуу жаран мамлекеттен ижарага алган жерде Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн малын багып, тоют өстүрүп, аларга колдоо көрсөтүп келгени... 05.12.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-12-05T10:37+0600
2023-12-05T10:37+0600
2023-12-05T10:38+0600
кыргызстан
ысык-көл
жер
мал
камчы көлбаев
https://sputnik.kg/img/07e7/0c/05/1080988750_161:0:1441:720_1920x0_80_0_0_9abbdbd0281ec8efd8828d1b8f1488f0.jpg
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Ысык-Көлдө кримтөбөл Камчы Көлбаевге тиешелүү деген 115 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.Билдирмеге караганда, Н.Р.Р. аттуу жаран 2022-жылы "Этномаданиятты, асыл тукум жылкы чарбасынын ат спортунун индустриясын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасы менен келишим түзүп, тоют өстүрүп, мал чарбачылыгы менен алектенүү үчүн 115 гектар айдоо жерин ижарага алган. Бул жердин 80 гектары Григорьевский айыл аймагында, 35 гектары Семеновский айылында жайгашкан.Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгү ("Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо"), 222-беренесинин 3-бөлүгү ("Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо") боюнча иш козголуп, жер мамлекетке кайтарылган. Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар кошумча адамдарды жана кылмыш жолу менен алынган башка мүлктөрдү аныктоо боюнча иштер уланып жатканы кошумчаланды.
https://sputnik.kg/20231129/ukmk-bir-neche-kishini-karmap-kamady-1080860597.html
ысык-көл
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0c/05/1080988750_321:0:1281:720_1920x0_80_0_0_beb967f7a16d599788feab646fbdd2c0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ысык-көл, жер, мал, камчы көлбаев
кыргызстан, ысык-көл, жер, мал, камчы көлбаев
Ысык-Көлдө Көлбаевге тиешелүү делген 115 гектар жер кайтарылды. Сүрөт
10:37 05.12.2023 (Жаңыртылды: 10:38 05.12.2023) Н.Р.Р. аттуу жаран мамлекеттен ижарага алган жерде Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн малын багып, тоют өстүрүп, аларга колдоо көрсөтүп келгени айтылды.
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Ысык-Көлдө кримтөбөл Камчы Көлбаевге тиешелүү деген 115 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Н.Р.Р. аттуу жаран 2022-жылы "Этномаданиятты, асыл тукум жылкы чарбасынын ат спортунун индустриясын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасы менен келишим түзүп, тоют өстүрүп, мал чарбачылыгы менен алектенүү үчүн 115 гектар айдоо жерин ижарага алган. Бул жердин 80 гектары Григорьевский айыл аймагында, 35 гектары Семеновский айылында жайгашкан.
"Н.Р.Р. ижара алган жеринде Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн малын багып, ага тоют өстүрүп келген. Муну менен ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө материалдык колдоо көрсөтүп жүргөн", — деп айтылат маалыматта.
Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгү ("Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо"), 222-беренесинин 3-бөлүгү ("Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо") боюнча иш козголуп, жер мамлекетке кайтарылган. Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар кошумча адамдарды жана кылмыш жолу менен алынган башка мүлктөрдү аныктоо боюнча иштер уланып жатканы кошумчаланды.
29 Жетинин айы 2023, 19:51