Колду чөнтөккө салып баспагыла! Тайгакта жыгылып кетпеш үчүн эске алчу эрежелер
![Тайгакта бараткан киши. Архивдик сүрөт Тайгакта бараткан киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023](https://sputnik.kg/img/104660/12/1046601252_61:445:1919:1490_1920x0_80_0_0_699dd5a1e0f06a474c7b169cd6c008a2.jpg)
© Sputnik / Петр Чернов
/ Жазылуу
Жолду кесип өтүүдө да абдан сак болуп, атайын өтмөктөрдөн гана өтүү керектиги сунушталды.
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги жол тайгак болуп жатканын эске салып, жөө адамдар жыгылып кетпеши үчүн кандай жүрүм-турум эрежелерин сактоо керектиги тууралуу маалымат берди.
Кеңештер:
тайгалак көчөдө кетип бара жатканда шашпагыла, кескин кыймыл-аракет кылбагыла, дайыма алды жагыңарды карагыла;
колду чөнтөккө салып жүрүү адаты чоң коркунуч жаратат. Жыгылып бара жатканда колду чөнтөктөн чыгарып, бир нерсени карманып калганга үлгүрбөй калышыңыз мүмкүн. Ошондуктан тайгакта колду чөнтөктөн чыгарып басыңыз;
улгайган адамдарга таяк ала жүрүү же таянып алуу сунуш кылынат;
жолдун автоунаа өтүүчү тарабынан алыс турган оң;
чатырына муз тоңуп калган имараттардын жанынан өтпөй эле койгон жакшы;
жолду кесип өтүүдө да абдан сак болуп, атайын өтмөктөрдөн гана өтүү керек;
кышкы бут кийим ыңгайлуу жана тайгаланбай турган болушу керек. Бут кийимдин таманына, такасына лейкопластырь же изолента чаптап койсоңуз болот (кайчылаштырып же тепкич сымал чаптагыла);
көчөгө чыгардын алдында бут кийимдин таманын наждак кагазы менен сүртүп койсоңуз да жардам берет.
кокус жыгылып жаракат алсаңыз медициналык кызматкерге токтоосуз кайрылыңыз.