https://sputnik.kg/20231228/bishkek-kurookana-ustok-payyz-tomon-1081603024.html
УКМК: Бишкектеги 120 күрөөкана үстөк пайыздарын төмөндөтөт
УКМК: Бишкектеги 120 күрөөкана үстөк пайыздарын төмөндөтөт
Sputnik Кыргызстан
Буга чейин кээ бир күрөөканалар очойгон үстөк пайыз (200%дан ашык) менен карыз берип жүргөнү аныкталган. 28.12.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-12-28T13:34+0600
2023-12-28T13:34+0600
2023-12-28T13:34+0600
кыргызстан
бишкек
күрөөкана
укмк
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/15/1054677005_0:162:3072:1890_1920x0_80_0_0_4a0b7340a4c56c54ab000dad2d5841bf.jpg
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Бишкектеги 120 күрөөкананын жетекчилери жылдык пайыздык ченди 43%га чейин төмөндөтүү милдетин алышты. Бул тууралуу УКМК билдирди.Атайын кызмат башка мамлекеттик органдар менен биргеликте калаадагы 120 күрөөканага текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада кээ бир күрөөканалар очойгон үстөк пайыз (200%дан ашык) менен карыз берип, коюлган автоунааларды кожоюнуна айтпастан колдонуу фактылары аныкталган.Эртең, 29-декабрда, Экономика министрлигине бардык күрөөканалардын жетекчилери чакырылып, иштөөнүн жаңы эрежелери тууралуу маалымат берилет.Буга чейин Чүй облусундагы күрөөкана ээлери элге акчаны 20 пайыздан ашырбай бере турганы кабарланган.
https://sputnik.kg/20231225/tashiev-kurookana-pajyz-azajtuu-1081522845.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/15/1054677005_239:0:2970:2048_1920x0_80_0_0_8b91fcac133aac1ae259caf6f4d7fdd9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, күрөөкана, укмк
кыргызстан, бишкек, күрөөкана, укмк
УКМК: Бишкектеги 120 күрөөкана үстөк пайыздарын төмөндөтөт
Буга чейин кээ бир күрөөканалар очойгон үстөк пайыз (200%дан ашык) менен карыз берип жүргөнү аныкталган.
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Бишкектеги 120 күрөөкананын жетекчилери жылдык пайыздык ченди 43%га чейин төмөндөтүү милдетин алышты. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызмат башка мамлекеттик органдар менен биргеликте калаадагы 120 күрөөканага текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада кээ бир күрөөканалар очойгон үстөк пайыз (200%дан ашык) менен карыз берип, коюлган автоунааларды кожоюнуна айтпастан колдонуу фактылары аныкталган.
"120 күрөөкананын жетекчилери жылдык пайыздык ченди 43%га төмөндөтүүгө милдеттендирилди", — деп айтылат маалыматта.
Эртең, 29-декабрда, Экономика министрлигине бардык күрөөканалардын жетекчилери чакырылып, иштөөнүн жаңы эрежелери тууралуу маалымат берилет.
Буга чейин Чүй облусундагы күрөөкана ээлери элге акчаны 20 пайыздан ашырбай бере турганы
кабарланган.
![Пайыздын белгиси. Архив Пайыздын белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2023](https://sputnik.kg/img/104827/85/1048278587_0:397:3135:1651_1920x0_80_0_0_747b2eb505fd645b1fcaae3f5ecbcedb.jpg)
25 Бештин айы 2023, 17:15