https://sputnik.kg/20240114/polsha-premeri-kutulbogon-bildiruu-1081913029.html
Польшанын экс-премьери Россия армиясы тууралуу күтүүсүз билдирүү жасады
Польшанын экс-премьери Россия армиясы тууралуу күтүүсүз билдирүү жасады
Sputnik Кыргызстан
Моравецкий Украинадагы кырдаал НАТО өлкөлөрүн тынчсыздандырып жатканын белгилеген. 14.01.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-01-14T09:34+0600
2024-01-14T09:34+0600
2024-01-14T09:34+0600
украина
россия
польша
саясат
согуш
куралдуу күчтөр
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e8/01/0d/1081913182_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_025e4a9401711cc22ba3e9cc4772ff8a.jpg
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Россия армиясы согуш талаасында олуттуу артыкчылыкка ээ. Ал эми жайкы контрчабуулунда ийгилик жарата албаган Украинанын Куралдуу күчтөрү туура эмес багытта бара жатат. Бул тууралуу Польшанын мурдагы премьери Матеуш Моравецкий Daily Express гезитине маек берип жатып билдиргенин РИА Новости жазды. Моравецкий Киевдин Куралдуу күчтөрүнүн фронтто кыйрашы жана бүтүндөй Украинадагы кырдаал НАТО өлкөлөрүн тынчсыздандырып жатканын белгилеген.Батыш ЖМКлары АКШ менен Евробиримдик украиналык чатактан чарчай баштагандыгын, Зеленскийдин режимин колдоо алсыраганын байма-бай жазууда. NBC телеканалынын билдиргенине таянсак, америкалык жана европалык аткаминерлер Киевдин Россия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн талкуулап жатат. Анда Украинанын келишимге жетиши үчүн баш тарта турган жалпы чектер темасы да сөз болору айтылган.Москва Батыштын Киевге берген жардамы жакшылыкка алып келбей турганын, болгону чатакты создуктурарын бир нече ирет белгилеген. Ал эми курал-жарак жүктөлгөн транспорттун бардык түрү Россия армиясынын мыйзамдуу бутасы болорун эскерткен.
https://sputnik.kg/20240112/kirbinin-aytymyna-karaganda-kievge-myndan-ary-zhardam-ber-zhe-berb-kongresske-baylanyshtuu-bolot-1081882094.html
украина
польша
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/01/0d/1081913182_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_666275ad13bead289751f6b431702c07.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
украина, россия, польша, саясат, согуш, куралдуу күчтөр
украина, россия, польша, саясат, согуш, куралдуу күчтөр
Польшанын экс-премьери Россия армиясы тууралуу күтүүсүз билдирүү жасады
Моравецкий Украинадагы кырдаал НАТО өлкөлөрүн тынчсыздандырып жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Россия армиясы согуш талаасында олуттуу артыкчылыкка ээ. Ал эми жайкы контрчабуулунда ийгилик жарата албаган Украинанын Куралдуу күчтөрү туура эмес багытта бара жатат. Бул тууралуу Польшанын мурдагы премьери Матеуш Моравецкий Daily Express гезитине маек берип жатып билдиргенин
РИА Новости жазды.
"Биз Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулу ийгиликсиз болуп калганын мойнубузга алышыбыз керек. Бул көп ресурска бай Россиянын жана президенти Путиндин эл аралык саясатта стратегиялык тереңдикке жана чыдамкайлыкка ээ экенин билдирет", — деген ал.
Моравецкий Киевдин Куралдуу күчтөрүнүн фронтто кыйрашы жана бүтүндөй Украинадагы кырдаал НАТО өлкөлөрүн тынчсыздандырып жатканын белгилеген.
Батыш ЖМКлары АКШ менен Евробиримдик украиналык чатактан чарчай баштагандыгын, Зеленскийдин режимин колдоо алсыраганын байма-бай жазууда. NBC телеканалынын билдиргенине таянсак, америкалык жана европалык аткаминерлер Киевдин Россия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн талкуулап жатат. Анда Украинанын келишимге жетиши үчүн баш тарта турган жалпы чектер темасы да сөз болору айтылган.
Москва Батыштын Киевге берген жардамы жакшылыкка алып келбей турганын, болгону чатакты создуктурарын бир нече ирет белгилеген. Ал эми курал-жарак жүктөлгөн транспорттун бардык түрү Россия армиясынын мыйзамдуу бутасы болорун эскерткен.