Кыргызстанда бүгүн төрт жолу жер титиреди
© flickr.com / Matt KatzenbergerСейсмограф — жер титрөөнүн күчүн өлчөгөн аппараты. Архив
![Сейсмограф — жер титрөөнүн күчүн өлчөгөн аппараты. Архив Сейсмограф — жер титрөөнүн күчүн өлчөгөн аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2024](https://sputnik.kg/img/101386/53/1013865332_0:0:3600:2026_1920x0_80_0_0_c16226f420ed1b674759f3a9045c3a73.jpg)
© flickr.com / Matt Katzenberger
Жазылуу
Жер силкинүүнүн очогу Кытайдын аймагында жайгашканы менен ал Ысык-Көл облусунда да сезилген.
БИШКЕК, 30-янв — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда төрт жолу жер титирөө катталганын Сейсмология институтунан кабарлашты.
Жер силкинүүнүн очогу Кытайдын аймагында жайгашканы менен ал Ысык-Көл облусунда да сезилген.
Түнкү саат 3:03тө жер титирөөнүн магнитудасы 4,5ке жетсе, Бедел айылында 3 балл болуп сезилген;
Саат 4:27де магнитудасы 5,9 болсо, Бедел айылында — 5 балл, Ыштык — 4 балл, Кумтөрдө 3,5 баллга жеткен;
Саат 7:44тө магнитудасы 4,7 болсо, Беделде — 3,5 балл, Ыштыкта 3 баллга жеткен;
Саат 9:52де магнитудасы 4,6 болуп, Бедел айылында 3 баллга жеткен.
Эске салсак, кыргыз-кытай чек арасында 23-январда катуу жер титиреп, андан бери улам жер силкинүүдө. Ал түнү өлкөдө жер силкинүүнүн күчү 6 баллга жеткен.