https://sputnik.kg/20240202/kyrgyzstanda-zhasalma-intellektige-miyzamdardy-uyrotuu-bashtalat-1082390941.html
Кыргызстанда жасалма интеллектиге мыйзамдар үйрөтүлмөкчү
Кыргызстанда жасалма интеллектиге мыйзамдар үйрөтүлмөкчү
Sputnik Кыргызстан
Санариптик диктор мамлекеттик радиоканалдардан жаңылыктарды окуп жатканы айтылды. 02.02.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-02-02T17:41+0600
2024-02-02T17:41+0600
2024-02-02T17:41+0600
кыргызстан
казакстан
адылбек касымалиев
жасалма интеллект
кыргыз тили
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/1a/1079884971_0:159:3078:1890_1920x0_80_0_0_f814287ddf752e66e83be652f95c20eb.jpg
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Кыргызстанда жасалма интеллектиге мыйзамдарды үйрөтүү каралып жатканын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Казакстанда өткөн Digital Almaty 2024: Industry X форумунда айткан.Ал өлкөдө жасалма интеллектини ар кыл тармактарга киргизүү иштери жүрүп жатканына токтолгон."Эгерде өткөн жылы форумда Элис жана Сири сыяктуу популярдуу үн жардамчылары кыргыз тилин колдобойт деп кабатырлансак, бүгүн мен сыймыктануу менен биздин адистер кыргыз тилинде сүйлөп, түшүнгөнгө жасалма интеллектини үйрөткөнүн айта кетейин. Жыйынтыгы мени таң калтырды. Көптөр үчүн бул түшүнүксүз болушу мүмкүн, бирок эң сонун дикцияны белгилесе болот. Бул санариптик диктор биздин мамлекеттик радиоканалдардан жаңылыктарды окуп жатат. Таң калыштуусу, алмашууну эч ким деле байкаган жок", — деген Касымалиев.
https://sputnik.kg/20240131/tashiev-okmge-zhany-tapshyrma-berdi-1082317145.html
казакстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/1a/1079884971_174:0:2905:2048_1920x0_80_0_0_c9333d94d53d8d71342c3995727be7e8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, казакстан, адылбек касымалиев, жасалма интеллект, кыргыз тили
кыргызстан, казакстан, адылбек касымалиев, жасалма интеллект, кыргыз тили
Кыргызстанда жасалма интеллектиге мыйзамдар үйрөтүлмөкчү
Санариптик диктор мамлекеттик радиоканалдардан жаңылыктарды окуп жатканы айтылды.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Кыргызстанда жасалма интеллектиге мыйзамдарды үйрөтүү каралып жатканын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Казакстанда өткөн Digital Almaty 2024: Industry X форумунда айткан.
"Кийинки маанилүү кадам катары биздин мыйзамдарды жасалма интеллектиге үйрөтүү болот. Бул жарандарга гана эмес, мамлекеттик кызматкерлерге, укук коргоо органдарына да юридикалык кеп-кеңештерди алууга мүмкүндүк берет", — деген Касымалиев.
Ал өлкөдө жасалма интеллектини ар кыл тармактарга киргизүү иштери жүрүп жатканына токтолгон.
"Эгерде өткөн жылы форумда Элис жана Сири сыяктуу популярдуу үн жардамчылары кыргыз тилин колдобойт деп кабатырлансак, бүгүн мен сыймыктануу менен биздин адистер кыргыз тилинде сүйлөп, түшүнгөнгө жасалма интеллектини үйрөткөнүн айта кетейин. Жыйынтыгы мени таң калтырды. Көптөр үчүн бул түшүнүксүз болушу мүмкүн, бирок эң сонун дикцияны белгилесе болот. Бул санариптик диктор биздин мамлекеттик радиоканалдардан жаңылыктарды окуп жатат. Таң калыштуусу, алмашууну эч ким деле байкаган жок", — деген Касымалиев.