https://sputnik.kg/20240205/komur-avtounaa-menen-tashuu-tyyuu-1082446155.html
Көмүрдү автоунаа менен ташууга тыюуну дагы жарым жылга узартуу сунушталууда
Көмүрдү автоунаа менен ташууга тыюуну дагы жарым жылга узартуу сунушталууда
Sputnik Кыргызстан
Документ 29-январда жарыяланган. Эгер ал коомдук талкуудан кийин кабыл алынса, анда тыюу салуу 19-мартта күчүнө кирет. 05.02.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-02-05T11:44+0600
2024-02-05T11:44+0600
2024-02-05T11:44+0600
кыргызстан
көмүр
автоунаа
токтом
долбоор
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/1b/1079973130_0:145:3072:1873_1920x0_80_0_0_a56742285c26b5e7294407f2a158e42b.jpg
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Кыргызстанда автоунаа менен көмүр ташып чыгууга салынган тыюуну дагы жарым жылга узартуу сунушталууда.Министрлер кабинетинин токтом долбоорун Энергетика министрлиги иштеп чыгып, коомдук талкууга койгон.Биринчиси кара алтындын жетишсиздигин жана баанын жогорулашын алдын алуу үчүн 2023-жылдын сентябрь айында "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасына гана киргизилген. Мындай чечимден кийин эл арзан көмүр менен камсыз болгон. Ички рынокту ата мекендик көмүр менен толтуруу, ошондой эле өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу максатында алты айлык чектөөнү сентябрга чейин кайра киргизүү сунушталууда. Ага ылайык, кара алтынды "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрмө пунктулары аркылуу ташып чыгууга болбойт.Документ 29-январда жарыяланган. Эгер ал коомдук талкуудан кийин кабыл алынса, анда тыюу салуу 19-мартта күчүнө кирет.
https://sputnik.kg/20240112/chakan-gehsterdi-kuruu-tuuraluu-1081884097.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/1b/1079973130_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_5b9a220ccd3354ef93a9335f7c60656b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, көмүр, автоунаа, токтом, долбоор
кыргызстан, көмүр, автоунаа, токтом, долбоор
Көмүрдү автоунаа менен ташууга тыюуну дагы жарым жылга узартуу сунушталууда
Документ 29-январда жарыяланган. Эгер ал коомдук талкуудан кийин кабыл алынса, анда тыюу салуу 19-мартта күчүнө кирет.
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Кыргызстанда автоунаа менен көмүр ташып чыгууга салынган тыюуну дагы жарым жылга узартуу сунушталууда.
Министрлер кабинетинин токтом долбоорун Энергетика министрлиги иштеп чыгып, коомдук талкууга койгон.
Биринчиси кара алтындын жетишсиздигин жана баанын жогорулашын алдын алуу үчүн 2023-жылдын сентябрь айында "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасына гана
киргизилген.
Мындай чечимден кийин эл арзан көмүр менен камсыз болгон. Ички рынокту ата мекендик көмүр менен толтуруу, ошондой эле өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу максатында алты айлык чектөөнү сентябрга чейин кайра киргизүү сунушталууда. Ага ылайык, кара алтынды "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрмө пунктулары аркылуу ташып чыгууга болбойт.
Документ 29-январда жарыяланган. Эгер ал коомдук талкуудан кийин кабыл алынса, анда тыюу салуу 19-мартта күчүнө кирет.