00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Логопед: гаджет баланын өрчүп келе жаткан нерв системасын бузат

© Sputnik / Асель СыдыковаЛогопед-дефектолог Айзат Нурланова
Логопед-дефектолог Айзат Нурланова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Жазылуу
Логопед-дефектолог Айзат Нурланова гаджеттер баланын сүйлөө речинин өнүгүшүнө эле эмес, ойлонуу жөндөмдүүлүгүнө да терс таасирин тийгизерин айтты
Коронавирустук пандемияга чейин бизге күнүнө 4-5 бала кайрылса, учурда 10-15тен бейтап келет. Сүйлөөсү кечеңдеген балдар көбөйүп, адистер жетишсиз болууда. Бул тууралуу Айзат Нурланова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Логопед: гаджет баланын өрчүп келе жаткан нерв системасын бузат
Анын айтымында, баланын тилинин кеч чыгышына кош бойлуу кездеги жана төрөт убагындагы мүчүлүштүктөр негизги себеп болот.

"Бала бир тилди угуп чоңоюшу зарыл. Башкача айтканда, кичинесинен эле негизги базалык тили болушу керек. Үйдөн кыргызча, көчөдөн орусча, телефондон англис, кытай тилин уккан балдардын башы айланып калат. Айрым бөбөктөрдүн сөз байлыгы аз болсо, кээ бирлери кайсы тилде сүйлөөрүн билбей калат. Жумуштан чарчап келген ата-энелер үчүн да баласына телефон кармата коюу ыңгайлуу. Балага гаджеттеги оюндун түсү, жарыгы, ичиндеги дүйнө кызык көрүнүп, аябай жагат. Бирок гаджеттердин пайдасынан зыяны көп. Кээде ата-энелер балдарына аң-сезимин өнүктүргөн оюндарды гана көрсөтөрүн айтышат. Бирок мында деле бала окуянын себебин анализдөөнү өздөштүрбөй калат. Телефон наристенин тилин гана эмес, эмоционалдык чөйрөсүн да бузат. Кичинекейлер абдан агрессивдүү видеолорду көрүп жатканын көп байкайм. Нерв системасы жаңыдан калыптанып келе жаткан балага мунун таасири өтө чоң. Телефондун айынан сүйлөбөй, аң-сезими жакшы өрчүбөй калган айрым балдар орусча-кыргызча санай ала турганына күбө болобуз. Бирок бул баланын мээсинин көрүү жана санариптик бөлүгү гана жакшы өрчүп кеткенинен кабар берет. Баланын сүйлөө речинин калыптанышына гаджеттерден сырткары кош бойлуу кезде тамеки чегүү, ичимдик ичүү, ар кандай инфекциялардын болушу, түйүлдүктүн суусу аз болсо, киндиги оролуп калса, эненин стресс, депрессияда жүрүшү терс таасир этет. Төрөт учурундагы жараат да себеп. Муну менен катар бала үч жашка чейинки куракта көп ооруса, травма алып калса да сүйлөө жөндөмдүүлүгү, өнүгүшү жабыркайт", — деди Нурланова.

Ал ата-энелерди балдарга гаджет колдонуу убактысын киргизип, чектеп, көбүнесе өздөрү аралашкан оюндар менен баланын дүйнө таанымын калыптандырууга чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0