00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Садыр Жапаров Блинкенди АКШ каржылаган бейөкмөт уюмдарга аудит жүргүзүүгө чакырды

© AP Photo / Evelyn HocksteinАКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2024
Жазылуу
Өлкө башчы киргизилип жаткан өзгөрүүлөрдүн маани-маңызын жана максатын түшүндүрүп, бейөкмөт түзүмдөр көп учурда жалган, туура эмес маалыматтарды таратып келгенин белгилеген.
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин кайрылуусуна жооп иретинде жазган катында Кыргызстанда иштеп жаткан бейөкмөт уюмдарга аудит жүргүзүүнү сунуштады. Катты өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов жарыялады.
Эскерте кетсек, мамкатчы Блинкен жолдогон кайрылуусунда бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбооруна өзгөрүүлөрдүн киргизилишине кабатыр болуп жатканын билдирген. Өзгөрүлгөн мыйзам долбооруна ылайык, чет өлкөдөн каржыланып саясий ишмердүүлүккө аралашкан коммерциялык эмес уюмдар чет өлкөнүн өкүлчүлүгү деген макам алып, атайын реестрге киргизилет.
Жапаров киргизилип жаткан өзгөрүүлөрдүн маани-маңызын жана максатын айтып, бейөкмөт түзүмдөр көп учурда жалган, туура эмес маалыматтарды таратып келгенин белгилеген. Президенттин айтымында, мунун айынан жабыр тарткандардын жана жалган жалаага кабылгандардын доо арыздары боюнча соттук териштирүүлөр болууда.
"Сотто ишти кароонун натыйжасында жалган маалымат тараткандар доогерлер менен жарашуу жөнүндө өтүнүч берүүгө аргасыз болгон учурлар көп кездешет. Мындай иштер соттордо абдан көп. Соңку 30 жылдын ичинде өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын жетекчилери чет өлкөлүк демөөрчүлөрдөн келген акча каражаттарын "жеп алып", "үй-бүлөлүк ишканага" айланган өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын өзүнчө бир катмары пайда болгонун баса белгилейм (кыргыз коому аларды "грант жегичтер" деп атап койгон)", — деп айтылат катта.
Президент зарыл болгон учурда АКШ тарапка бардык расмий маалыматтарды берүүгө даяр экенин билдирип, аталган уюмдарды текшерүүнү сунуштаган.
"Мен АКШнын өкмөттүк уюмдары каржылаган өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдарды жок дегенде соңку 10 жылдык финансы каражаттарын кандай жана кайда пайдалангандыгына аудит жүргүзүүнү сунуш кылам. Мен берген маалыматтарга жана кепилдиктерге таянып, Сиз "америкалык айрым өнөктөштөрдүн" кооптонуусун жоюп, алар мындан ары да Кыргыз Республикасындагы ишин улантат деп терең ишенем", — деген Жапаров.
Өлкө башчы сөзүнүн соңунда Блинкенди Кыргызстанда адамдын укуктары жана эркиндиги Конституция жана мыйзамдар менен бекем корголуп жатканын көрүп кетүүгө чакырган.
Журналист ноутбук менен иштеп турган учурда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Гранттардан көз каранды "эркин" ЖМКлар. Булардын милдети эмне?
Жаңылыктар түрмөгү
0