00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Эртең калаада балдар адабиятына арналган "Кичинекей окурман" фестивалы өтөт

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Акбарак" коомдук фондунун директору Уулжан Бектурова
Акбарак коомдук фондунун директору Уулжан Бектурова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2024
Жазылуу
"Акбарак" коомдук фондунун директору Уулжан Бектурова бөбөктөргө арналган кыргыз тилдүү адабиятты көтөрүү зарылдыгын айтты.
"Кичинекей окурман" фестивалын өткөрүү үчүн мамлекеттик сынак жарыяланып, жыйынтыгында "Акбарак" коомдук фонду жеңүүчү деп табылган. Маданият министрлиги фестивалды өткөрүү үчүн фондго каражат бөлүп берди. Бул тууралуу Уулжан Бектурова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Эртең калаада балдар адабиятына арналган "Кичинекей окурман" фестивалы өтөт
Анын айтымында, аталган иш-чара бөбөктөргө арналган кыргыз тилдүү адабияттарды илгерилетүүгө багытталган.
"Ушул жекшемби, 18-февралда, Бишкек шаарында балдар адабиятына арналган "Кичинекей окурман" фестивалы өтөт. Максаты — балдарды китеп окууга кызыктыруу, бала менен бирге китеп окуунун маанилүүлүгүн көрсөтүү жана баланы интеллектуалдык жактан өнүктүрүү болуп саналат. Иш-чаранын алкагында бир катар тема боюнча талкуу аянтчалары түзүлөт. Анда балдар азыр кандай китептерди окуп жатышат, балдар менен китеп окуу эмне үчүн маанилүү, балдар үчүн сапаттуу материалдар даярдалганбы деген сыяктуу маселелер көтөрүлөт. Өлкөдө балдарга арналган кыргыз тилдүү адабият жокко эсе, жазмакерлер саналуу эле. Айрым чыгармалар чет тилден кыргызчага которулганы менен сапаты жакшы болбой жатат. Ошондуктан бул иш-чара бөбөктөргө арналган кыргыз тилдүү адабиятты көтөрүүгө багытталды. Фестивалдын алкагында балдар үчүн китептердин чоң көргөзмөсү, мастер-класстар, жомок жана кыргыз, англис тилдеринде китеп окуу сааттары өтөт. Фестиваль Чыңгыз Айтматов проспекти, 1/1 дарегиндеги "Сейтек STEM" мектебинде саат 10:30да башталып, 16:00гө чейин уланат", — деди Бектурова.
Ал коомдун өзгөрүшү менен балдарга арналган чыгармалар да өзгөрүп, комикс, манга сыяктуу китептер басылып чыгышы керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0