Батыш өз демократиясын таңуулоодо. КР эксперттери "түстүү революциялар" тууралуу
© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүКиевдеги Эгемендүүлук аянтындагы майдан тосмолорундагы гүлдөр. Архивдик сүрөт
© Sputnik / Андрей Стенин
/ Жазылуу
Мындан туура 10 жыл мурун болгон "евромайдан" Украинаны европалык келечекке жетелебей кыйла түйшүккө салды. Sputnik Кыргызстан эксперттерге суроо узатып, төңкөрүштөр мамлекеттердин өнүгүүсүнө кандай таасир этери тууралуу кеп кылды.
"Түстүү революция" термини каатчылык жана массалык нааразычылыктан улам саясий режимдин өзгөрүүсүн белгилөө үчүн колдонулат. Мындай окуялар 2003-жылы Грузияда, 2004 жана 2014-жылдары Украинада, 2005-жылы Кыргызстанда, Ливанда, 2018-жылы Арменияда болуп өттү. Классикалык революциялардан айырмаланып, мында саясий элитанын бир бөлүгү мыйзамдан тыш алмаштырылып, мамлекеттик түзүлүш системасын өзгөртүү максаты коюлбайт.
Батышта "түстүү революциялар" демократизация менен бирге гана каралат. Ал жактагы эксперттердин баамында, шайлоонун жасалмаланышына же кайсы бир башка себеп менен нааразы болгон элдин бир муштум болуп биригүүсү коррупцияга белчесинен баткан жетекчинин бийликтен кетүүсүн шарттап, өлкө либералдык демократияны көздөй багыт алат.
Ал эми КМШдагы саясат таануучулар "түстүү революцияны" чет жактан келген грант менен жан баккан массалык медиа жана бейөкмөт уюмдар тарабынан атайылап уюштурулган окуя катары кабылдайт. Алар адатта массалык каршылык көрсөтүү, трагедияга, бийликтин күч менен алмашуусуна кептейт.
Саясат таануучунун пикири
Саясат таануучу Бакыт Бакетаев "түстүү революция" бул кадимки эле мамлекеттик төңкөрүш деген пикирде.
"Украинадагы жана башка постсоветтик мамлекеттердеги мамлекеттик төңкөрүштөр коомчулукка да, өлкөнүн өзүнө да кедергисин гана тийгизди. Бийликтин күч менен алмашышы экономикалык өнүгүүнү жайлатып, керек болсо бир канча жылга артка таштайт. Мындай окуялар партияларда да, жалпы социумда да саясий маданияттын жоктугунан улам болот", — деп түшүндүрдү Бакетаев.
Төңкөрүштөрдүн уюштуруучулары тууралуу айтып жатып эксперт мындай жагдайда үчүнчү күчтөрдүн ролу абдан чоң экенин белгиледи.
"Жамааттык Батыш өлкөнүн баарында таасир этүүчү рычагдарга ээ болууга аракет кылып, өз "демократиясын" таңуулоого тырышат. Дал ушул себептен улам бизде (КМШнын башка өлкөлөрүндө да) иштеген бейөкмөт уюмдар арбын, алар аркылуу Батыш коомдук-саясий абалга таасир этет. Муну түшүнүп, маанилүү маселелерди тынчтык менен чечүү практикасына өтүүгө мезгил келди", — деди Бакетаев.
Ал дүйнөдө бардык нерсени глобалдаштырууга аракет кылган күчтөр бар экенин кошумчалап, бирок Чыгыш менен Батыш эки бөлөк цивилизация экенин белгиледи.
"Батыш саясатчылары демократия боюнча түшүнүгүн Чыгышка таңуулабашы керек. Биз — таптакыр башка цивилизациябыз, биздин коомчулук эркиндикти өзүнө ылайыктап кабыл алат. Революциялык риторика ушу кезге чейин көптөрдүн башын айлантып келет, бул жакшы эмес көрүнүш. Менимче, төңкөрүштөрдүн доору бүттү, сиңире албаган баалуулуктар таңууланбашы үчүн тышкы таасирден коргонууну үйрөнүүгө убакыт жетти", — деди эксперт.
Экономисттин пикири
Экономист Айылчы Сарыбаев "түстүү революциялар" калктын жашоо деңгээлине терс таасир тийгизет деген пикирге кошулат.
"Революция — бул башаламандык, анын артынан бийлик, саясат жана элита алмашат. Кыргызстан менен КМШ мамлекеттеринде болуп өткөн окуяларды революция деп атоо калпыстык. Бул — элдин бийликке, жашоо шартына, ушул сыяктуу башка көйгөйлөргө болгон нааразычылыгы режимдин алмашуусун шарттаган кадимки эле төңкөрүштөр. Украинаны алалы, өнөр жайы өнүккөн, экономикасы мыкты, эли көп өлкө эле, азыр эмнеге айланганын баарыбыз көрүп турабыз. Украиналык олигархтар чет элдик капитал менен иштеп, өлкөнүн жаратылыш байлыгына ээн-эркин ээ болуу үчүн бийликти алмаштырышты. Мамлекетти "антироссиялыкка" айландырышты, мында максат РФти кыйратып, анын да байлыгына кол салуу болду", — деди Сарыбаев.
Эксперт демократия тууралуу сөздөр болбогон кеп экенин белгиледи.
"Түстүү революциялар" — бул ири капиталдын саясаты. Жамааттык Батыш кайсы мамлекет болбосун, аны талап-тоноо үчүн саясий, экономикалык жана аскердик ресурсуна кол матыргысы келет. Батышка постсоветтик мамлекеттердин кереги эмне? Ал жактагылар Россия менен Кытайды жөн эле жеңип алуу мүмкүн эмес экенин жакшы түшүнүшөт, андыктан региондогу коомдук саясий абалга таасир этип туруу үчүн бизди пайдаланууда. Тышкы таасирден коргоно албасак бул аракеттер улана бермекчи", — деп сөзүн жыйынтыктады серепчи.