https://sputnik.kg/20240305/melis-aspekov-zheti-zhylga-kesildi-1083173452.html
Активист Мелис Аспеков 7 жылга эркинен ажыратылды
Активист Мелис Аспеков 7 жылга эркинен ажыратылды
Sputnik Кыргызстан
Аспеков 2021-жылы кармалып, кийин президент ырайым берип, абактан чыккан болчу. Бирок былтыр күздө кайра колго түшүрүлгөн. 05.03.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-03-05T11:14+0600
2024-03-05T11:14+0600
2024-03-05T11:15+0600
мелис аспеков
соттук чечим
кыргызстан
активист
сүрөт
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/1a/1050915306_130:0:1608:831_1920x0_80_0_0_43be33e57940666961b59c2dc750a772.jpg
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Активист Мелис Аспеков жети жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.Белгилүү болгондой, ал "Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Соттун өкүмүнө ылайык, активист жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясында өтөйт.Мелис Аспековду алгач УКМК 2021-жылы январда кармаган. Ал блогер Улан Жураев экөө "Кыргыз темир жолу" ишканасын Финпол аркылуу текшертебиз, жетекчилигине каршы митинг уюштурабыз" деген коркутуулар менен 250 миң доллар пара талап кылганы айтылган. Кийин Жураев үй камагына чыгарылып, сот Аспековду жети жылга эркинен ажыраткан.Бирок 2023-жылдын 23-майында Аспековго президент ырайым берип, абактан чыккан болчу. Кийин ал сентябрда "Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү" беренеси менен кармалган.
https://sputnik.kg/20240302/damira-niyazalieva-shajloo-dobush-ajyptoo-so-1083111548.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/1a/1050915306_179:0:1573:1046_1920x0_80_0_0_549d3a0b2e06997eea3ce9e8c63ffb2b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
мелис аспеков, соттук чечим, кыргызстан, активист, сүрөт
мелис аспеков, соттук чечим, кыргызстан, активист, сүрөт
Активист Мелис Аспеков 7 жылга эркинен ажыратылды
11:14 05.03.2024 (Жаңыртылды: 11:15 05.03.2024) Аспеков 2021-жылы кармалып, кийин президент ырайым берип, абактан чыккан болчу. Бирок былтыр күздө кайра колго түшүрүлгөн.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Активист Мелис Аспеков жети жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, ал "Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Соттун өкүмүнө ылайык, активист жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясында өтөйт.
Мелис Аспековду алгач УКМК
2021-жылы январда кармаган. Ал блогер Улан Жураев экөө "Кыргыз темир жолу" ишканасын Финпол аркылуу текшертебиз, жетекчилигине каршы митинг уюштурабыз" деген коркутуулар менен 250 миң доллар пара талап кылганы айтылган. Кийин Жураев үй камагына чыгарылып, сот Аспековду жети жылга эркинен ажыраткан.
Бирок 2023-жылдын 23-майында Аспековго президент ырайым берип, абактан чыккан болчу. Кийин ал сентябрда "Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү"
беренеси менен кармалган.