00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Жаңы кыргыз кандай болушу шарт?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
18:09
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эзелтен аялзатын калкалап, кастарлаган элбиз. Жапаров айымдарды куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров өлкө айымдарын 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады
Президент Садыр Жапаров өлкө айымдарын 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2024
Жазылуу
Президент аялдардын саясатка, бизнеске, илимге жана башка тармактарга катышуусун ар тараптан колдоо жана өнүктүрүү зарыл экенин кошумчалаган.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров өлкө айымдарын 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын куттуктоосун президенттик администрациянын маалымат кызматы жарыялады.

"Бул күн – аялзатынын ажары менен адебинин, абийири менен ар-намысынын, сырткы жамалы менен ички жан дүйнөсүнүн сулуулугунун символу. Эзелтен аялзатына өзгөчө мамиле жасап, мээримин төккөн, канатына калкалап кастарлай билген элдин урпактары катары биз сиздердин өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошкон зор салымыңыздарды жана коомдогу ордуңуздарды ар дайым урматтап-сыйлайбыз. Адамзаттын жашоо-турмушундагы бардык окуялар аялзаты менен тыгыз байланыштуу. Мына ошондуктан тээ илгертен эле элибизде аялзаты үй-бүлөлүк очоктун сакчысы катары терең сый-урматка эгедер. Ага жараша кыргыз аялдары дагы ыйман менен адамдык касиетти бийик көкөлөтүп, абийири менен жамы журттун ар-намысын сактап келген", — деп жазылат өлкө башчынын куттуктоосунда.

Жапаров айымдардын саясатка, бизнеске, илимге жана башка тармактарга катышуусун ар тараптан колдоо жана өнүктүрүү зарыл экенин кошумчалаган.
"Өлкөбүздүн тарыхында аялдардын саясий ажырымды жоюуга, ар кандай социалдык топтордун тынчсызданууларын аныктоого, саясат иштеп чыгууда консультациялык жана биргелешкен мамилени жайылтууга жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп келет. Аялдардын демилгелери, ой-пикир, сунуштары баарыбызды шыктандырып, өлкөбүздүн алдыга карай кадам шилтешине чоң салым кошот деп терең ишенем", — деген президент.
Мамлекет башчысы буга байланыштуу "2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасы жөнүндө" жарлыгына кол койгонун белгилеген. Мындан тышкары, аялдар, балдар жана үй-бүлө маселелерин координациялоо президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнө жүктөлөрүн билдирген.
Куттуктоосунун соңунда өлкөдөгү ар бир аялзатына чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалаган.
Форумдун катышуучулары. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2024
Бийлик аялдардын лидерлигин колдогон мамлекеттик программа кабыл алды
Жаңылыктар түрмөгү
0