https://sputnik.kg/20240321/elektr-energiyasyna-zhenildik-algan-uy-bulo-1083595564.html
Кыргызстанда 75 миңден ашуун үй-бүлө электр энергиясына жеңилдик алган
Кыргызстанда 75 миңден ашуун үй-бүлө электр энергиясына жеңилдик алган
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 75 миңден ашуун аз камсыз болгон үй-бүлө электр энергиясын жеңилдетилген тариф менен колдонот. Бул туурасында Эмгек... 21.03.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-03-21T09:17+0600
2024-03-21T09:17+0600
2024-03-21T09:17+0600
кыргызстан
электр энергиясы
жеңилдик
үй-бүлө
https://sputnik.kg/img/07e5/03/09/1051713965_0:65:3079:1796_1920x0_80_0_0_4538c5ef0f1319a4f2ce2f56197a8899.jpg
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 75 миңден ашуун аз камсыз болгон үй-бүлө электр энергиясын жеңилдетилген тариф менен колдонот. Бул туурасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, 16 жашка чейинки балдары бар ("үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пул алган) аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү социалдык колдоо көрсөтүлүп келет. Анын алкагында электр энергиясын айына 700 киловатт-саатка чейин колдонгон учурда тариф 50 тыйындан эсептелет. Ал эми жеңилдик каралбаган калк киловатт-саатына 1 сомдон төлөйт.Ошондой эле министрлик кээ бир муктаж үй-бүлөлөр жеңилдик ала албай жатканын кошумчалады. Мунун себеби ижарага алынган батирде жашашы, жеке электр эсептегичтеринин жоктугу, дача аймактарында (кызыл китебинин жоктугуна байланыштуу) жана өндүрүштүк жайларда баш калкалаганына байланыштуу.
https://sputnik.kg/20240319/kyrgyzstan-elektr-energiya-inflyatsiya-1083550762.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/03/09/1051713965_48:0:2779:2048_1920x0_80_0_0_62a0fa576c189fd8b9491668ede837dc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, электр энергиясы, жеңилдик, үй-бүлө
кыргызстан, электр энергиясы, жеңилдик, үй-бүлө
Кыргызстанда 75 миңден ашуун үй-бүлө электр энергиясына жеңилдик алган
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 75 миңден ашуун аз камсыз болгон үй-бүлө электр энергиясын жеңилдетилген тариф менен колдонот. Бул туурасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 16 жашка чейинки балдары бар ("үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пул алган) аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү социалдык колдоо көрсөтүлүп келет. Анын алкагында электр энергиясын айына 700 киловатт-саатка чейин колдонгон учурда тариф 50 тыйындан эсептелет. Ал эми жеңилдик каралбаган калк киловатт-саатына 1 сомдон төлөйт.
Ошондой эле министрлик кээ бир муктаж үй-бүлөлөр жеңилдик ала албай жатканын кошумчалады. Мунун себеби ижарага алынган батирде жашашы, жеке электр эсептегичтеринин жоктугу, дача аймактарында (кызыл китебинин жоктугуна байланыштуу) жана өндүрүштүк жайларда баш калкалаганына байланыштуу.

19 Жалган Куран 2024, 12:35