https://sputnik.kg/20240328/nato-rossiya-kagylysh-bagyt-1083792703.html
ТИМ: НАТОнун Чыгыш Европадагы иши Россия менен кагылышууга багытталган
ТИМ: НАТОнун Чыгыш Европадагы иши Россия менен кагылышууга багытталган
Sputnik Кыргызстан
Москва Түндүк Атлантика альянсы конфронтацияга багытталганын жана анын мындан ары кеңейиши Европага коопсуздукту камсыз кылбай тургандыгын бир нече жолу... 28.03.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-03-28T14:10+0600
2024-03-28T14:10+0600
2024-03-28T14:10+0600
дүйнөдө
россия
нато
европа
согуш
https://sputnik.kg/img/07e8/03/1c/1083791945_0:0:3016:1697_1920x0_80_0_0_025e73be0ebf900157521d5248f3d5cf.jpg
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. НАТОнун Чыгыш Европа жана Кара деңиз аймагындагы иш-аракеттери союздаштарды Россия менен мүмкүн болуучу кагылышууга даярдоого багытталган. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды.Румыниянын бийлиги мурда Констанца округундагы "Михаил Когалничану" авиабазасын модернизациялоого 2,5 миллиард евро инвестициялоого даяр экенин билдирген. Базада 10 миң аскер кызматчысы үй-бүлөсү менен жайгаша турган аскердик шаарча пайда болуп, шаардык инфраструктура түзүү пландалууда. Келечектеги аскердик шаарчанын түштүк бөлүгүндө иш башталды, ал жерде азыр жолдор жана кубаттуу электр тармагы курулуп жатат. TVR Info каналы авиабазаны модернизациялоо 2040-жылга чейин НАТОнун Европадагы эң ири базасына айландырууга мүмкүндүк берерин белгиледи. Америкалык аскерлер бул базаны 1999-жылдан бери колдонуп келишет.Министрлик кошумчалагандай, коалициялык потенциалды чыңдоо Польшада жана Балтика мамлекеттеринде да жүрүп жатат."НАТО мүчөлөрүнүн мындай аракети чагымчыл мүнөзгө ээ. Биздин чек араларыбыздын периметри боюнча аскердик чыңалууну күчөтөт жана Россиянын коопсуздугуна кошумча коркунучтарды жаратат. Мунун баары блоктун өнөктөштөрүн биздин өлкө менен мүмкүн болуучу кагылышууга даярдоого багытталган. Биз Румынияда эмне болуп жатканын көзөмөлдөйбүз, пайда болгон тобокелдиктерге баа беребиз жана аларды аскердик пландоодо эске алабыз ", — деди министрлик.Москва Түндүк атлантикалык альянс конфронтацияга багытталганын жана анын мындан ары кеңейиши Европага коопсуздукту камсыз кылбай тургандыгын бир нече жолу белгилеген. Ошол эле учурда Кремль Россия биримдикке кирген өлкөлөрдүн бирине да коркунуч туудурбай турганын, бирок анын кызыкчылыгына карата кооптуу аракеттерге көңүл бурарын белгилеген.
https://sputnik.kg/20240328/rossiya-nato-menen-sogushuunu-kaalabastygyn-putin-aytty-1083785687.html
европа
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/03/1c/1083791945_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_c3c2af42a963d7d52d57a9582fee1d3c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, нато, европа, согуш
дүйнөдө, россия, нато, европа, согуш
ТИМ: НАТОнун Чыгыш Европадагы иши Россия менен кагылышууга багытталган
Москва Түндүк Атлантика альянсы конфронтацияга багытталганын жана анын мындан ары кеңейиши Европага коопсуздукту камсыз кылбай тургандыгын бир нече жолу белгилеген.
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. НАТОнун Чыгыш Европа жана Кара деңиз аймагындагы иш-аракеттери союздаштарды Россия менен мүмкүн болуучу кагылышууга даярдоого багытталган. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлиги билдиргенин
РИА Новости жазды.
Румыниянын бийлиги мурда Констанца округундагы "Михаил Когалничану" авиабазасын модернизациялоого 2,5 миллиард евро инвестициялоого даяр экенин билдирген. Базада 10 миң аскер кызматчысы үй-бүлөсү менен жайгаша турган аскердик шаарча пайда болуп, шаардык инфраструктура түзүү пландалууда. Келечектеги аскердик шаарчанын түштүк бөлүгүндө иш башталды, ал жерде азыр жолдор жана кубаттуу электр тармагы курулуп жатат. TVR Info каналы авиабазаны модернизациялоо 2040-жылга чейин НАТОнун Европадагы эң ири базасына айландырууга мүмкүндүк берерин белгиледи. Америкалык аскерлер бул базаны 1999-жылдан бери колдонуп келишет.
"Румыниянын аба базасынын кеңейиши — Түндүк Атлантика блогу Чыгыш Европа менен Кара деңиз аймагын милитаризациялоону улантып жатканынын дагы бир далили", — деди РФ ТИМи.
Министрлик кошумчалагандай, коалициялык потенциалды чыңдоо Польшада жана Балтика мамлекеттеринде да жүрүп жатат.
"НАТО мүчөлөрүнүн мындай аракети чагымчыл мүнөзгө ээ. Биздин чек араларыбыздын периметри боюнча аскердик чыңалууну күчөтөт жана Россиянын коопсуздугуна кошумча коркунучтарды жаратат. Мунун баары блоктун өнөктөштөрүн биздин өлкө менен мүмкүн болуучу кагылышууга даярдоого багытталган. Биз Румынияда эмне болуп жатканын көзөмөлдөйбүз, пайда болгон тобокелдиктерге баа беребиз жана аларды аскердик пландоодо эске алабыз ", — деди министрлик.
Москва Түндүк атлантикалык альянс конфронтацияга багытталганын жана анын мындан ары кеңейиши Европага коопсуздукту камсыз кылбай тургандыгын бир нече жолу белгилеген. Ошол эле учурда Кремль Россия биримдикке кирген өлкөлөрдүн бирине да коркунуч туудурбай турганын, бирок анын кызыкчылыгына карата кооптуу аракеттерге көңүл бурарын белгилеген.