https://sputnik.kg/20240329/bishkek-zhol-mehriya-remont-kopuro-kurulush-1083839782.html
Бишкектеги алты ири көчө капиталдык оңдоодон өтөт
Бишкектеги алты ири көчө капиталдык оңдоодон өтөт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясы негизги алты жолду капиталдык оңдоодон өткөрүп, үч көпүрө куруп, темир жол аркылуу үч жерден жаңы жол ачууну... 29.03.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-03-29T23:30+0600
2024-03-29T23:30+0600
2024-03-30T10:20+0600
кыргызстан
бишкек
жол
көчө
мэрия
ремонт
көпүрө
курулуш
https://sputnik.kg/img/103877/90/1038779022_0:386:6016:3770_1920x0_80_0_0_60beef9214a7e199580563d4e77b9ff1.jpg
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясы негизги алты жолду капиталдык оңдоодон өткөрүп, үч көпүрө куруп, темир жол аркылуу үч жерден жаңы жол ачууну пландоодо. Мэрия бул үчүн тендер жарыялады.Калаа бийлиги төмөнкү көчөлөрдө капиталдык оңдоо жүргүзүүнү мерчемдеп жатат:Ал эми Жибек Жолу проспектинин Курманжан датка көчөсүнөн Тоголок Молдого чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон өтөт жана кеңейтилет.Көпүрөлөр Ауэзов көчөсүндөгү Бишкек ЖЭБинен чыккан каналга жана Жибек Жолу проспектиндеги Аламүдүн дарыясына салынат. Үчүнчү көпүрө Шүкүров көчөсүнө Чыгыш Чоң Чүй каналы аркылуу курулуп, Медеров көчөсүнө чыгарылат. Бул долбоор Ахунбаев менен Медеров көчөлөрүн байланыштырат.Ал эми жаңы үч жол Ахунбаев көчөсү менен Жибек Жолу проспектин бириктирип, 7-Апрель, Абдрахманов жана Чыңгыз Айтматов проспектилерине альтернатива катары пайдаланылат. Ага ылайык, Фучик, Бакаев жана Сүйүмбаев көчөлөрүн темир жол аркылуу Лев Толстой көчөсүнө чыгаруу пландалган.
https://sputnik.kg/20240322/mehriya-bishkek-kochonun-teshikterin-zhamap-zhatat-1083634307.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103877/90/1038779022_661:0:6016:4016_1920x0_80_0_0_a057e141220050cd975be1c4d15ca4d7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, жол, көчө, мэрия, ремонт, көпүрө, курулуш
кыргызстан, бишкек, жол, көчө, мэрия, ремонт, көпүрө, курулуш
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясы негизги алты жолду капиталдык оңдоодон өткөрүп, үч көпүрө куруп, темир жол аркылуу үч жерден жаңы жол ачууну пландоодо. Мэрия бул үчүн тендер жарыялады.
Калаа бийлиги төмөнкү көчөлөрдө капиталдык оңдоо жүргүзүүнү мерчемдеп жатат:
Чүй проспектинин Манас проспектинен Т. Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Абдрахманов көчөсүнүн Жибек Жолу проспектинен Масалиев проспектине чейинки бөлүгү;
Горький көчөсүнүн Манас проспектинен 7-Апрель көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Юнусалиев көчөсүнүн Сухэ-Батор көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки бөлүгү.
Ал эми Жибек Жолу проспектинин Курманжан датка көчөсүнөн Тоголок Молдого чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон өтөт жана кеңейтилет.
Көпүрөлөр Ауэзов көчөсүндөгү Бишкек ЖЭБинен чыккан каналга жана Жибек Жолу проспектиндеги Аламүдүн дарыясына салынат. Үчүнчү көпүрө Шүкүров көчөсүнө Чыгыш Чоң Чүй каналы аркылуу курулуп, Медеров көчөсүнө чыгарылат. Бул долбоор Ахунбаев менен Медеров көчөлөрүн байланыштырат.
Ал эми жаңы үч жол Ахунбаев көчөсү менен Жибек Жолу проспектин бириктирип, 7-Апрель, Абдрахманов жана Чыңгыз Айтматов проспектилерине альтернатива катары пайдаланылат. Ага ылайык, Фучик, Бакаев жана Сүйүмбаев көчөлөрүн темир жол аркылуу Лев Толстой көчөсүнө чыгаруу пландалган.