https://sputnik.kg/20240402/turkiyada-zhenishti-mayradap-zhatkanda-sayasatchy-koz-zhumdu-1083896424.html
Түркия: жеңишти майрамдап жатканда балкон урап, саясатчы көз жумду. Видео
Түркия: жеңишти майрамдап жатканда балкон урап, саясатчы көз жумду. Видео
Sputnik Кыргызстан
Саясатчы жана сегиз адам кырсыктан кийин ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлер алардын бири Мехмет Палазды сактап кала алышкан эмес. 02.04.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-04-02T11:23+0600
2024-04-02T11:23+0600
2024-04-02T11:23+0600
дүйнөдө
түркия
шайлоо
кырсык
өлүм
балкон
видео
https://sputnik.kg/img/07e8/04/01/1083877671_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_08c978c1bd63d33ddf10c84c6da8d33a.jpg
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Түркиянын оппозициядагы Элдик-республикалык партиясынын Деңизли провинциясындагы райондук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары шайлоодогу жеңишти майрамдап жатканда балкон урап түшүп көз жумганын РИА Новости жазды.Партия социалдык баракчасында Деңизли провинциясындагы Тавас районундагы бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Мехмет Палаздын каза тапканын кабарлаган.IHA агенттигинин маалыматына караганда, шайлоодогу жеңишти майрамдап, тагыраагы, тарапташтарынын алдында сүйлөп, бири-бирин куттуктап жатканда балкон урап түшүп, саясатчы жана сегиз адам жаракат алган. Бирок дарыгерлер алардын бири Палазды сактап кала алышкан эмес.Эске салсак, бул жекшембиде, 31-мартта, Түркияды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо болгон. Оппозициядагы Элдик-республикалык партия (СНР) 20 жылдан бери биринчи ирет бийликтеги "Адилет жана өнүгүү" партиясынан озуп, көп добуш алган. 2019-жылдан бери оппозиция башкарып келген Стамбул, Анкара жана Антальядан тышкары өнөр жай борборлору болгон Бурса жана Текирдаг сыяктуу жаңы шаарлар да алардын көзөмөлүнө өткөн.Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкарадан кайрылуу жасап, партиясы муниципалдык шайлоодо каалаган жыйынтыкка жете албаганын мойнуна алып, бул кырдаал анализденерин айткан.
https://sputnik.kg/20240401/zhaparov-ehrdogandy-kyrgyzstanga-chakyrdy-1083870624.html
түркия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/04/01/1083877671_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_57cf342cf8262d0e4afd74abc5a90874.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, түркия, шайлоо, кырсык, өлүм, балкон, видео
дүйнөдө, түркия, шайлоо, кырсык, өлүм, балкон, видео
Түркия: жеңишти майрамдап жатканда балкон урап, саясатчы көз жумду. Видео
Саясатчы жана сегиз адам кырсыктан кийин ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлер алардын бири Мехмет Палазды сактап кала алышкан эмес.
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Түркиянын оппозициядагы Элдик-республикалык партиясынын Деңизли провинциясындагы райондук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары шайлоодогу жеңишти майрамдап жатканда балкон урап түшүп көз жумганын
РИА Новости жазды.
Партия социалдык баракчасында Деңизли провинциясындагы Тавас районундагы бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Мехмет Палаздын каза тапканын кабарлаган.
IHA агенттигинин маалыматына караганда, шайлоодогу жеңишти майрамдап, тагыраагы, тарапташтарынын алдында сүйлөп, бири-бирин куттуктап жатканда балкон урап түшүп, саясатчы жана сегиз адам жаракат алган. Бирок дарыгерлер алардын бири Палазды сактап кала алышкан эмес.
Эске салсак, бул жекшембиде, 31-мартта, Түркияды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо болгон. Оппозициядагы Элдик-республикалык партия (СНР) 20 жылдан бери биринчи ирет бийликтеги "Адилет жана өнүгүү" партиясынан озуп, көп добуш алган. 2019-жылдан бери оппозиция башкарып келген Стамбул, Анкара жана Антальядан тышкары өнөр жай борборлору болгон Бурса жана Текирдаг сыяктуу жаңы шаарлар да алардын көзөмөлүнө өткөн.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкарадан кайрылуу жасап, партиясы муниципалдык шайлоодо каалаган жыйынтыкка жете албаганын мойнуна алып, бул
кырдаал анализденерин айткан.