00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Максимальный репост
16:04
45 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Тема дня
Итоги Российско-Кыргызского медиафорума: как медиа формируют ценности молодежи?
18:10
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Туяк
Орто Азияда кыз-келиндердин арасынан чыккан биринчи хирург, академик Какиш Рыскулова
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
8 мин
Об экономике и не только
Продвижение идей Великого Турана — каковы цели Турции в ЦА?
20:09
55 мин
Ачык кеп
ВИЧ менен ооругандардын арасында жаңы төрөлгөн баладан карыяларга чейин бар
23:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Күнүмдүк жаңылыктар 17:00

Күнүмдүк жаңылыктар 17:00
Жазылуу
Бүгүн Орозо айт майрамында бир катар өлкө башчылары кыргызстандыктарды жана президент Садыр Жапаровду куттукташты. Биринчилерден болуп куттуктоо телеграммасы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевден келген. Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов куттуктоо катында бул майрам мындан ары да жалпы мусулман коомчулугунда өз ара түшүнүшүүнү, тилектештикти жана тынчтыкты бекемдөөгө өбөлгө болорун айткан. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бул майрам мусулман эки элди бириктирип турарын белгилеген. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган куттуктоо жолдоп, дос жана бир тууган Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалаарын белгилеген. Ошондой эле, президентке Азербайжан башчысы Илхам Алиев, БАЭнин президенти Мухаммед бен Заид Аль Нахаян, Бахрейндин королу Хамад бин Иса аль Халифа, Иорданиянын королу Абдалла II ибн аль-Хусейн, Омандын Султаны Хайсам бин Тарик, Палестинанын президенти Махмуд Аббас жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да куттуктоолорун жолдогон. Президенттер кыргызстандыктарга жакшы каалоо-тилектерин жолдошуп, эл аралык ынтымактыкты тилешкен.
Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанда кыска мөөнөттүү дагы төрт бала бакча ачылганын кабарлады. Бала бакчалардын үчөө Чүй облусунун Жайыл районунда, бири Москва районунда жайгашкан. Жайыл районундагы бакчалар балдар чыгармачылык үйүнүн жана балдар бакчаларынын базасында түзүлдү. Алардын бири 50 балага ылайыкталса, калган экөө 200 орунга ылайыкталган. Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Жайыл районунда жалпы кыска мөөнөттүү 15 бала бакча түзүлсө, Москва районунда 16 бакча ачылат.
Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Боом капчыгайында 15-апрелден 19-апрелге чейин таш кулатылат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти. Маалыматта пландалган бул иштер жол жарым-жартылай тосулгандан кийин саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөрү айтылды. Жолду тазалоо учурунда автокөлүктөр бир тилке менен жүрөт.
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жейк Салливан РФ Тергөө комитетинин Америка жана НАТО өлкөлөрүнүн кызмат адамдарына террорчулукту каржылоо боюнча кылмыш ишин козгошун "нонсенс" деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Россиянын Тергөө комитети "Крокус сити холлдогу" терактыдан кийин Мамлекеттик Дума депутаттарынын өтүнүчү менен АКШнын жана НАТО өлкөлөрүнүн кызмат адамдары тарабынан террорчулукту каржылоо боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Анда коммерциялык уюмдар, анын ичинде "Бурисма холдингс" мунай-газ компаниясы аркылуу алынган каражаттар соңку жылдарда Россияда терактыларды уюштурууга жумшалганы аныкталганы айтылган. "Бул нонсенс", — деген Салливан брифингде кылмыш иши боюнча комментарий берүүнү суранышканда. Ошол эле учурда АКШ президентинин жардамчысы "Крокустагы" терактыга "Ислам мамлекети" (КР, РФ жана башка мамлекеттерде тыюу салынган) террордук уюму күнөөлүү экенин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0