00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Ататүрк паркындагы курулуш боюнча мыйзам жол берсе келтирилген чыгымдар өндүрүлөт. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Ырысбек Атажанов Ататүрктөгү жерлерди мыйзамсыз берген мэрлердин эсебинен сейил бактагы жерлердин ээлерине кенемте берүү маселесин чечүү керектигин сунуштаган. "Мэр өзүнүн оюн айтты. Бирок мунун баары мыйзам чегинде чечилет. Андан бери 30 жылдай убакыт өтүп кетти. Мыйзамда мөөнөт деген бар. Эгер мөөнөтү өтпөсө, убагы болсо жоопко тартабыз. Чыгымдарды да өндүрөбүз, бирок мыйзам жол берсе гана", — деди Зулушев. Ошондой эле ал соңку жылдарда жерлерди мыйзамсыз ээлеп алгандарга жакшы сабак болгонун билдирип, эки жылдан бери 41 социалдык объект тиешелүү жер тилкелери менен мамлекетке кайтарылганын кошумчалады.
Кыргызстанда 23-февраль - Мекенди коргоочулар күнү, 7-апрель - Элдик Апрель революциясы, 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү дем алыш эмес, иш күн болушу мүмкүн. Мындай сунуштар жаңы Эмгек кодексинин долбооруна киргизилгенин Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди. Белгилей кетсек, министрлер кабинети долбоорду жактырган, эми кезек Жогорку Кеңеште. "Долбоор Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу максатында бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн демилгеси менен иштелип чыккан", — деп айтылат маалыматта. Бул даталар мамлекеттик майрам болуп кала берет, бирок иш күндөрү болот. Мындан тышкары дем алыш күндөрүн жылдыруу нормасы жокко чыгарылды. Мурда майрам ишемби же жекшембиге туура келсе, эс алуу күнү кийинки жумуш күнүнө которулчу. Эми мындай болбойт.
"Эл үмүтү" стипендиясына документтер 1-майдан тарта кабыл алына баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, документтер 30-майга чейин кабыл алынмакчы. Аталган сынакка дүйнөнүн мыкты 100 университетине академиялык окууга кабыл алынгандыгы тастыкталган жарандар катыша алат. "Бул стипендияга жыл сайын 50 орун бөлүнөт. Анын ичинен техникалык жана инженердик багыттар боюнча магистрлерди даярдоого — 20, экономикалык жана социалдык-гуманитардык багыттар боюнча — 10дон, философия доктору PhD программалары боюнча окутуу үчүн 10 стипендия каралган", — деп жазылат маалыматта. "Эл үмүтү" стипендиясына магистратурада окууга 40 жашка, PhD докторантурада окууга 45 жашка чейинки Кыргызстандын жарандарына уруксат берилет. Чет өлкөдө билим ала турган талапкердин окуу акысы 50 миң доллардан ашпашы керек. Стипендия алгысы келгендер эки турдан турган сынактан өтөт.
Лондондо бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол менен нокаутчу Артур Бетербиевдин көз караштар таймашы болду. Спортчулар жарым оор салмакта дүйнөнүн абсолюттук чемпиону наамы үчүн боло турган беттешке арналган маалымат жыйынын өткөрүштү.Турнир 1-июнда Эр-Риядда өтөт. Бетербиев 20 беттеш өткөрүп, баарында атаандаштарын нокаут менен жеңген. Токмок шаарынан чыккан Бивол 22 атаандашынын 11ин нокаут менен уткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0