https://sputnik.kg/20240424/aksh-senaty-soyuzdashtarga-zhardam-beruu-myjzam-dolboorun-kabyl-aldy-1084529229.html
Украина да бар. АКШ Сенаты союздаштарга жардам берүү мыйзам долбоорун кабыл алды
Украина да бар. АКШ Сенаты союздаштарга жардам берүү мыйзам долбоорун кабыл алды
Sputnik Кыргызстан
Декабрда токтотулган колдоо ушул жуманын аягына чейин жанданышы мүмкүн. 24.04.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-04-24T12:16+0600
2024-04-24T12:16+0600
2024-04-24T12:16+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
россия
украина
акш
жардам
курал-жарак
техника
атайын операция
https://sputnik.kg/img/07e8/04/18/1084521796_0:46:3072:1774_1920x0_80_0_0_41a056c65c11618859648961140e6c5d.jpg
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. АКШ Сенаты союздаштарына, башкача айтканда, Украина, Израиль жана Тайванга жардам көрсөтүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.Маалыматка ылайык, Сенаттын 79 мүчөсү документти колдосо, 18и каршы болгон. Ошентип Конгресстин эки палатасы мыйзам долбоорун жактырды. Эми ага АКШ президенти Жозеф Байден кол коюшу керек.60,84 миллиард доллардын 23,2 миллиардын Пентагондун Украинага берген курал-жарагынын ордун толтуруу үчүн жумшоо сунушталууда. Дагы 13,8 миллиард доллар аскердик муктаждыктарды жабууга коротулмакчы. Ал эми көрсөтүлгөн жардамдын аудити үчүн конгрессмендер 26 миллион доллар бөлмөй болушту.Декабрда токтотулган колдоо ушул жуманын аягына чейин жанданышы мүмкүн. Көлөмү көбүрөөк болуп, курамына абадан коргонуу каражаттары, артиллерия, сооттолгон техника, ATACMS ракеталары камтылганы айтылган. Politico гезитинин маалыматына ылайык, АКШ жардамдын бир бөлүгүн 9-майга чейин жеткирүүнү пландап жатат, бирок жетишери күмөн.Москва Батыштын Украинага көрсөткөн аскерий жардамы жаңжалды создуктуруп жатканын, курал-жарак жүктөлгөн транспорт РФ армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын эскертип келет.
https://sputnik.kg/20240423/rossiya-zhenishke-ehrte-zhetet-1084488454.html
украина
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/04/18/1084521796_160:0:2891:2048_1920x0_80_0_0_79cb7fc7c4db666d5bbb0f4e1d8da070.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, украина, акш, жардам, курал-жарак, техника, атайын операция
дүйнөдө, россия, украина, акш, жардам, курал-жарак, техника, атайын операция
Украина да бар. АКШ Сенаты союздаштарга жардам берүү мыйзам долбоорун кабыл алды
Декабрда токтотулган колдоо ушул жуманын аягына чейин жанданышы мүмкүн.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. АКШ Сенаты союздаштарына, башкача айтканда, Украина, Израиль жана Тайванга жардам көрсөтүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул тууралуу
РИА Новости жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Сенаттын 79 мүчөсү документти колдосо, 18и каршы болгон. Ошентип Конгресстин эки палатасы мыйзам долбоорун жактырды. Эми ага АКШ президенти Жозеф Байден кол коюшу керек.
60,84 миллиард доллардын 23,2 миллиардын Пентагондун Украинага берген курал-жарагынын ордун толтуруу үчүн жумшоо сунушталууда. Дагы 13,8 миллиард доллар аскердик муктаждыктарды жабууга коротулмакчы. Ал эми көрсөтүлгөн жардамдын аудити үчүн конгрессмендер 26 миллион доллар бөлмөй болушту.
Декабрда токтотулган колдоо ушул жуманын аягына чейин жанданышы мүмкүн. Көлөмү көбүрөөк болуп, курамына абадан коргонуу каражаттары, артиллерия, сооттолгон техника, ATACMS ракеталары камтылганы айтылган. Politico гезитинин маалыматына ылайык, АКШ жардамдын бир бөлүгүн 9-майга чейин жеткирүүнү пландап жатат, бирок жетишери күмөн.
Москва Батыштын Украинага көрсөткөн аскерий жардамы жаңжалды создуктуруп жатканын, курал-жарак жүктөлгөн транспорт РФ армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын эскертип келет.