Бишкекте айрым мектептер алдыдагы майрамдарда 3 күн гана эс алат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мектептеринин бирине окуган кыз. Архив
Бишкек шаарынын мектептеринин бирине окуган кыз. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2024
Жазылуу
Жумасына беш күн иштеген мектептерде 6-майга чейин окуу болбойт.
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Бишкектеги бардык мектептер 1-майдан 5-майга чейин эс албайт. Бул тууралуу бизге калаа мэриясынын Билим берүү департаментинен билдиришти.
Ага ылайык, алдыдагы бир жарым жумага карата түзүлгөн график Билим берүү министрлигинин буйругу менен бекитилди.
“Жумасына беш күн иштеген мектептерде 1-5-майда окуу болбойт. Ал эми жумасына алты күн окуган мектептер 1, 6 жана 9-май күндөрү гана эс алат. Шаарда мындай 20 чакты мектеп бар”, — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, кыргызстандыктар бул аптада катары менен 5 күн эс алат. Бирок кийин башка күндөрү иштешет. 2-майдын ордуна 6-майда (5-май — Конституция күнү жекшембиге туура келгендиктен 6-май да эс алуу болмок), 3-майдын ордуна 11инде жумушка чыгышат.
Бишкектеги Өлбөс полк акциясы. Архивдик сурөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2024
Май айында кыргызстандыктар 11 күн эс алышат. Календарь
Жаңылыктар түрмөгү
0