00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Жаңы кыргыз кандай болушу шарт?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
18:09
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Ташкентте Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин жаңы имараты ачылганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Анын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов катышып, имараттын короосуна арча көчөттөрүн отургузушкан. Андан соң КРдин Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата жана кыргыз-өзбек эки тараптуу мамилелерин чагылдырган сүрөт көргөзмөнү көрүп чыгышкан. Ардактуу меймандар китебине кол тамгаларын калтыргандан кийин эстеликке сүрөткө түшүшкөн. Ошондой эле иш-чарага Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Россия, Түркия, Тажикстан, Түркмөнстан мамлекеттеринин Өзбекстандагы элчилери, диаспоралары, этникалык кыргыздар жана жергиликтүү жашоочулар чакырылган.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Жалал-Абадды Сузак районунда Porter унаасы коюп кеткен балдар Бишкекке алып келинет. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Абалы оор делген 10 бала туугандары менен чогуу Бишкектеги Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында жайгаштырыла турганы айтылды. “Мамлекет башчы балдарды керектүү дары-дармектер менен камсыз кылууну жана медицина кызматкерлерине күнү-түнү байкоо жүргүзүүнү тапшырды”, — деп жазылган маалыматта. Мындан сырткары, Жапаров окуя боюнча бардык жагдайларды тактоо үчүн комиссия түзүүнү тапшырган.
Россиянын тил котормолору институтунун аткаруучу директору Евгений Резниченко котормочунун негизги милдеттери жана кыргыз-орус тилдери адабият аркылуу кантип бири-бирин байытары тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосуна курган маегинде айтып берди. Ал адабий котормолордун артында кыргыз-орус тилдери бири-бирин байытып жатканын билдирген. "Эгерде орус тилиндеги чыгармаларды кыргыз тилине которсо анда ага жаңы сөз, маани, менталдуулуктун бир бөлүгү кошо кирет. Тескерисинче, кыргыз тилиндеги чыгарма орусчага которулса да ушундай процесс болот. Дал ушундан улам котормчулардын милдети абдан чоң, жоопкерчиликтүү", — деген эксперт. Анын айтымында, Россиянын котормолор институту кыргыз басылма, адабияттары менен кызматташууну өнүктүрүү ниетинде.
РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерондун киевдик режимди Батыш "тойгуздурган" "Аль-Каида"* тобуна салыштырып, Киевдин РФ аймагына британиялык курал менен сокку урууга "укуктуулугу" тууралуу айткандарына жооп берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Буга чейин Рейтер агенттиги Кэмерондун маегин жарыялаган. Анда ал Украина Лондон тарабынан жеткирилген курал менен Россиянын аймагына сокку урууга укуктуу деген пикирин айткан. Көп өтпөй жаңылык өчүрүлүп, бир нече убакыттан кийин кайрадан ошол эле калыбында жарыяланган. "Кезегинде Батыш тойгузган "Аль-Каида" террорчулары жасагандай эле киевдик режим британиялык курал менен Британиянын аймагына сокку уруусуна даярдана беришсин", — деген Захарова РИА Новостиге. Мурдараак Улуу Британиянын коргонуу штабынын башчысы, адмирал Тони Радакин Financial Times гезитине курган маегинде украиналык аскерлер Россия аймагына сокку уруу үчүн аларга АКШ тарабынан берилген ыраакка жүрө турган куралдарды, анын ичинде ATACMS ракеталарын колдонот деп ишенерин айткан. Ал Украина Россияга чабуулдарын көбөйтөт деп ниеттенип жатканын боолгологон.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 88 сом 68 тыйынга 1 евро 95 сомго 1 рубль 95 тыйынга Казак тенгеси 20 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 64 сом 50 тыйындан баштап, 65 сом 90 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 71 сом 90 тыйындан, дизель майы 73 сом 80 тыйындан, ал эми унаа газынын литри 33 сом 70 тыйындан сатылууда.
АБА ЫРАЙЫИшемби күнү облустардын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +21...+26, Таласта +20...+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22...+27, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +17...+22 градус жылуу болору айтылды. Ошто түнкүсүн жана эртең менен бир аз жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы борбор калаада +23...+25, Ошто +25...+27 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0