Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кыргызстанда банктардын банкрот болуу коркунучу жок

© Sputnik / Асылбек БактыбековДепозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев
Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2024
Жазылуу
Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин аткаруучу директору Кадырбек Букуев Улуттук банк өлкөдөгү банк системасынын туруктуу иштөөсү үчүн дайыма жаңылыктарды кошуп турарын айтты.
Кыргызстанда банктардын банкрот болуп кетүү коркунучу жок. Эгерде банктарда кандайдыр бир көйгөй жарала баштаса санациялык чаралар колдонулуп, маселе чечилерин Кадырбек Букуев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кыргызстанда банктардын банкрот болуу коркунучу жок
Анын айтымында, банк системасында банктардын шарттары жана кардарлар үчүн ыңгайлуулук жогору.
"Кыргызстанда банк системасы туруктуу иштеп келет. Улуттук банктын туура саясатынын жана көзөмөл жүргүзүүсүнүн натыйжасында болууда. Ал үчүн дайыма жаңылыктарды киргизип, финансылык инструменттер иштелип чыгып турат. Бизде банктардын банкрот болуу коркунучу жок. Эгерде банктарда кандайдыр бир көйгөй жарала баштаса санациялык чаралар колдонулуп, маселе чечилет. Аны болтурбоо, алдын алуу, түшүндүрүү жана консультациялык иштер жүрөт", — деди Букуев.
Ошондой эле адис эми Депозиттерди коргоо агенттиги көйгөйлүү зайымчылардын кайрылууларын да карап маселесин чечип берүүгө көмөктөшөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0